23-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЖамгырдуу аба ырайы. Архивдик сүрөт
Жамгырдуу аба ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Жазылуу
23-апрелге караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. 23-апрель, шейшембиде, көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +20...+25, Талас аймагында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл өрөөнүндө +17...+22, Нарында +15...+20 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында өткүн өтүп, күн күркүрөп, күндүн табы борбор калаада +21...+23, Ош шаарында +25...+27 градуска чейин көтөрүлөт.
Токтогул суу сактагычы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Токтогулга суунун агып кириши агып чыккандан 3,4 эсе көбөйдү. Таблица
Жаңылыктар түрмөгү
0