Ош облусуна селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди

© Sputnik / Эмиль СадыровСелдин кесепетинен тазалоо иштери. Архивдик сүрөт
Селдин кесепетинен тазалоо иштери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Ош облусуна селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка караганда, облус жетекчиси чукул жыйын өткөрүп, учурдагы кырдаалды талкуулаган.
Анын жүрүшүндө ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Замир Эрмаматов жалпы облустагы абал боюнча маалымат берип, өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча сунушун киргизген.
"Кырдаалды жана келтирилген жүйөлөрдү эске алуу менен президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевдин буйругу менен өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечими кабыл алынды", — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 20-апрелден бери Ошто сел жүрүп, үйлөрдү суу каптап, автоунааларды агызып кеткен учурлар болгон. Бир адам көз жумганы айтылган.
Последствия селей в Кара-Кульджинском районе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2024
Кара-Кулжада сел каптаган айылдарды тазалап жатышат. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0