"Социалдык келишим" боюнча Чүйдө кайсы тармакта иш ачкандар көп экени айтылды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТигүү цехтин жумушчусу. Архив
Тигүү цехтин жумушчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
Облуста айыл чарба, транспорттук кызмат көрсөтүү тармагында да долбоорлор ийгиликтүү ишке ашканы айтылды.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Чүй облусунда эки жылдын ичинде 1 039 адам өкмөт менен социалдык келишим түзүп, программанын ар бир төртүнчү катышуучусу тигүү өндүрүшүн ачты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Ага ылайык, министрлик республикалык бюджеттен 100 миң сомдон алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн бизнес-долбоорлоруна анализ жүргүзгөн.
"Натыйжада эки жыл ичинде 144 тигүү цехи ачылган. Алардын айрымдары кыз-келиндердин кийим-кечесин, автоунааларга чехол тиксе, кээ бири улуттук стилдеги кийим тигүү менен алектенет. Ошондой эле облуста айыл чарба, транспорттук кызмат көрсөтүү тармагында да долбоорлор ийгиликтүү ишке ашкан", — деп айтылат маалыматта.
Былтыр эң көп социалдык келишим Сокулукта (280), Москва (150) жана Панфилов (70) райондорунда түзүлгөнү кошумчаланды.
Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Сагынбек Турсуналиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2024
Радио
Мобилдик тоок фермасын иштетип канча каражат тапса болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0