Садыр Жапаров эртең мамлекеттик сапар менен Азербайжанга барат

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 24-25-апрелде мамлекеттик сапар менен Азербайжанга барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, сапардын алкагында Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
"Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, мындан аркы өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу кызматташуунун келечегин талкуулашат. Ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда, анын жыйынтыгы боюнча президенттердин биргелешкен декларациясына, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчылары Хыдырлы айылындагы орто мектептин курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышары кошумчаланды.
Азербайжан Кыргызстан желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду кандай артыкчылыктарга ээ болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0