Президенттин тапшырмасы менен селден зыян тарткандарга жардам көрсөтүлөт

© Sputnik / Анатолий УстиненкоСелдин кесепеттери. Архив
Селдин кесепеттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
Бүгүн өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Кыргызстанда дагы эле сел жүрүү коркунучу бар экенин айтты.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Өлкөнүн бир катар аймактарында жүргөн селдин кесепетинен канча зыян келгени эсептелгенден кийин жабыркагандарга президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жардам көрсөтүлөт. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, акыркы күндөрү Кыргызстандын айрым облустарында сел жүрүп, бир кишинин өмүрүн алган.
Маалымат кызматынан селдин кесепетинен турак үй, короо-жайларга зыян келгенин, бирок бул масштабдуу мүнөзгө ээ эместигин, анын кесепетин жоюуга тийиштүү түзүмдөрдүн, министрликтердин күчү, техникалык каражаты жетиштүү экенин белгилешкен.
"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, селдин жүрүшүнөн келтирилген зыяндын көлөмү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан такталып чыккан соң жарандарга тийиштүү жардам көрсөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Кыргызстанда дагы эле сел жүрүү коркунучу бар экенин Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Оштогу селдин кесепети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Үч облустун айылдарында сел жүрүп, куткаруучулар иштөөдө. Соңку маалымат
Жаңылыктар түрмөгү
0