Таласта төө буурчактын жаңы сорту айдалмай болду

© Sputnik / Виталий ТимкивТөө буурчак. Архив
Төө буурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
Бакай-Ата сорт сыноо жайында төө буурчактын "хельда" түрү сыноодөн өткөрүлүп, түшүмдүүлүгү менен сапат жагынан жакшы жыйынтык көрсөткөн.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Талас облусунда акыркы 30 жылдан бери төө буурчактын сорту жаңыланбай, түшүмдүүлүк жана продукциянын сапаты төмөндөп кеткен. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Ведомство бул көйгөйдү чечүү максатында өнөктөштөрү менен биргеликте Голландия мамлекетинен "хельда" деп аталган жаңы сорттогу төө буурчакты алып келгенин белгиледи.
Бакай-Ата сорт сыноо жайында төө буурчактын "хельда" түрү сыноодөн өткөрүлгөн. Жаңы сорт түшүмдүүлүгү менен сапаты жагынан жакшы натыйжаларды берген.
"Жаңы сорттогу төө буурчакты өстүрүү менен Талас облусунун дыйкандары түшүмдүүлүктү жогорулатат. Мындан улам өндүрүш менен киреше артып, экспортко мүмкүнчүлүк түзүлөт", — дешти министрликтен.
Алчанын түшүмүн жыйноо. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2024
Адис экспорт үчүн ыңгайлуу, кирешелүү айыл чарба өсүмдүктөрүн санады
Жаңылыктар түрмөгү
0