Чүйдө да сел жүрүп, кесепетин жоюу иштери аткарылып жатат

© AFP / INA FASSBENDERСелдин кесепеттери. Архив
Селдин кесепеттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Жазылуу
Буга чейин өлкөнүн түштүк аймагында жана Таласта сел жүргөнү айтылган.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кечээ Чүй облусунун тоо этегиндеги айылдарында сел жүрүп, учурда анын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканын президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Алсак, Он бир Жылга айылындагы Карагул капчыгайында сел жүргөн, жабырлануучулар катталган жок. Учурда абал туруктуу деп бааланып, суу каптаган жерлерде атайын техника иштеп жатканы айтылды.
Мындан тышкары, жаандан улам Бурана дарыясы ташкындап, суу жээгинен чыгып кеткен. Жаңы-Жол, Ак-Бешим айылдарында арыктар улам-улам тазаланып, көпүрөнүн айланасы иреттелип жатат. Бул жаздан берки суу каптаган экинчи учур.
Селдин кесепетин жоюу иштерине айыл өкмөттөрү менен райондук администрациялардын техникасы тартылган. Мындан тышкары, ӨКМ кызматкерлери да иштеп жатканы айтылды.
Селдин кесепеттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Президенттин тапшырмасы менен селден зыян тарткандарга жардам көрсөтүлөт
Жаңылыктар түрмөгү
0