Депутат "оор кырдаалда командировкалап жүргөн" ӨКМ жетекчилигин сынга алды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Жазылуу
ӨКМдин жетекчилигин парламентке чакырып, селден жабыр тарткан аймактар боюнча маалымат угуу зарылдыгы белгиленди.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кырдаал оор болуп жатса ӨКМдин жетекчилиги командировкага кетип калганы жоопкерчиликсиздик. Мындай сынды Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов билдирди.
Сессиянын жүрүшүндө ӨКМдин жетекчилигин парламентке чакырып, селден жабыр тарткан аймактар боюнча маалымат угуу зарылдыгы белгиленген.
Вице-спикер Нурланбек Азыгалиев ӨКМ селдин кесепеттери менен күрөшүп жатканын айтты.
"Министр менен байланышкам, анын төрт орун басары чет өлкөдө командировкада экенин айтты", — деди ал.
Ал эми депутат Ормонов Ош облусунда өзгөчө кырдаал киргизилгенин эске салды.
"Абал оор болуп турат. Ушундай курч кырдаал болуп жатса ӨКМ жетекчилиги командировкага кетип калганы жоопкерчиликсиздик", — деди эл өкүлү.
Натыйжада Жогорку Кеңештин 25-апрелдеги күн тартибине ӨКМдин маалыматын угуу маселеси киргизиле турган болду.
Селдин кесепеттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Чүйдө да сел жүрүп, кесепетин жоюу иштери аткарылып жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0