Улуттук банк өткөн аптада 50,3 миллиондон ашык доллар сатып алды

© Фото / Unsplash / Blogging GuideАКШ доллар купюралары. Архив
АКШ доллар купюралары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Жазылуу
Соңку жумада доллардын орточо курсу 32 тыйынга арзандап, 89,43 сомду түздү.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Өткөн аптада Улуттук банк 50 миллион 350 миң доллар сатып алды.
22-апрелде Улуттук банк валюта рыногунан 25 миллион 850 миң доллар, ал эми жума күнү, 26-апрелде, 24,5 миллион доллар сатып алды.
Акыркы аптада доллардын орточо курсу 32 тыйынга түшүп, 89,43 сомду түздү.
Улуттук банк валютанын курсун жөндөө үчүн чет элдик валютаны сатуу жана сатып алуу менен алектенет. Жыл башынан бери ал жети ирет интервенция жасады. Тагыраагы, эки жолу сатса, беш ирет чет элдик валютаны сатып алган.
Телефон. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Улуттук банк телефон шылуундары көбөйүп жатканын айтып, сак болууну эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0