Атага өксүп, күйүткө баткан гүлдөй акын... Курбаналы Сабыровду эскерүү

© Фото / из семейного архива СабыровыхАкын жана журналист Курбаналы Сабыров 3
Акын жана журналист Курбаналы Сабыров 3 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Жазылуу
Акын жана журналист Курбаналы Сабыров 39 жылдык өмүрүндө бир катар мыкты чыгармалары менен эл оозуна илинип, Жолон Мамытов, Акбар Рыскулов, Мелис Абакиров, Меңди Мамазаирова өңдүү чыгармачыл курдаштарды тапкан.
Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто Кыргыз эл акыны, III даражадагы Манас орденинин ээси Меңди Мамазаирова болду. Биз акын Курбаналы Сабыровду эскердик.
© SputnikКыргыз эл акыны, III даражадагы Манас орденинин ээси Меңди Мамазаирова
Народная писательница КР Менди Мамазаирова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Кыргыз эл акыны, III даражадагы Манас орденинин ээси Меңди Мамазаирова
— Курбаналы Сабыровдун бала чагы өрүкзарлуу Баткен жергесинде өткөн экен. Сиздер кандайча таанышып калдыңыздар?
— Биз жаш кезде билимге умтулуу күч болчу. Баарыбыз Фрунзеге өлкөнүн ар тарабынан билим, өнөр издеп келдик. 1960-жылы филология факультетинде окуп калдык. Бир жылдан кийин Курбаналылар тапшырды. Өзүм Оштон келсем да Баткен мага алыс сезилип "и-ий, ошончо алыстан келгендер да бар экен да" деп ичимден аяп коём. Арык чырай жигит болчу. Ыр жазарын угуп таанышып калдык. Андан кийин орус тили жана адабияты бөлүмүнө Гүлжакан Садыкова келди. Экөөбүз курбу болуп кеттик. Ал кезде окуу жайлар, студенттер деле аз. Киного барып, курдаштар сейилдеп калчубуз. Гүлжакандын атасы органда иштегендиктен көп көчүп жүрүп, Сүлүктүдө окугандыктан орусчаны жакшы билчү. Анан "сен орусча жакшы билет экенсиң, бул жерде эмне кыласың" деп көкүтүп, Гүлжаканды Москвага окууга жөнөттүк. Ал жактан полиграфия жаатында билим алды. Ошол кезде Курбаналы экөө сүйлөшүп калган. Кийин баш кошушту. Ошондо Курбаналынын жашоосу менен жакындан тааныштык. Көрсө, атасы эрте эле каза болуп калып, өгөй атанын колунда өсүптүр. Өгөй атасы деле жакшы мамиле кылган экен. Бирок эмнегедир өксүгү бар эле. Акын болуп туулган, чыгармачыл инсан болгондуктанбы, айтор, өз атасын жоктогону байкалчу. Кийин биз үйлөнүп Ошко кеттик, булар да иш аркылуу артыбыздан барып калышты. Жолон Мамытов, Курбаналы Сабыровдор Оштун ошол кездеги интеллигент жаштарына кирип калды. Курбаналы "дагы окусам, билим алсам" деп ак эткенден так этип турчу. Кийин Жолонду Кыргыз кинематографисттер союзуна жооптуу катчы кылып алып келишти. Төрагасы Чыңгыз Айтматов экен. Ошентип Фрунзеге кайра көчүп келдик. Артыбыздан Курбаналылар да келип калды. Ал кезде 1970-1980-жылдардын жаштарында дүнүйө жыюу, жаркыраган там салуу тууралуу ой жок экен. Чогулсак эле адабият, ыр жазуу, поэзия жөнүндө сүйлөшчүбүз. Окуган китептерди айтып жарышар элек. Дүйнөлүк адабияттардан кеп салып, билимге умтулган ошол кезибизди абдан сагынам. Курбаналы да жолдоштукка жакшы эле.
© Фото / из семейного архива СабыровыхМеңди Мамазаирова: биз жаш кезде билимге умтулуу күч болчу. Баарыбыз Фрунзеге өлкөнүн ар тарабынан билим, өнөр издеп келдик. 1960-жылы филология факультетинде окуп калдык.
Поэт и журналист Курбаналы Сабыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Меңди Мамазаирова: биз жаш кезде билимге умтулуу күч болчу. Баарыбыз Фрунзеге өлкөнүн ар тарабынан билим, өнөр издеп келдик. 1960-жылы филология факультетинде окуп калдык.
— Ал убакта адабиятка жаңы толкун келген маал болсо керек…
— Ооба, 1960-жылдары көп таланттуу жаштар келип, бир жаркын мезгил болду. Биз "Миң түркүн" соода үйүнүн артында жашап, шаардын борборунда болгондуктан баары эле биздикине чогулчу. Курбаналы өзү көп окуду, котормо менен алектенди. Анын "Козу-Баглан" деген жупкадай ырлар жыйнагы жарык көргөндө баарыбыз кубандык.
— Курбаналы Сабыров адам катары кандай инсан эле?
— Боюна жакшы караган таза, кичи пейил адам эле. Беш балалуу болушту. Үйүнө барганда Гүлжакан менен кошулуп тамак-ашын тейлеп, конок тоскондо сыйга жакшы болчу. Балдарына да мээримдүү, өтө күйүмдүү ата болуп бере алды. Ал кезде жазуучулар көбүнчө бир чийинден чыкпай рамкага салынар эле. Курбаналы Лейлектин сулуулугун, өрүкзар тууралуу мыкты ырларды көп жазчу. Анын ырларынын уникалдуулугу — жаратылышты сүрөттөгөнүндө. Ырлары ширин болчу. Көп акындардын ырларын которду. Баралына келгенде чоң акын болмок. Негизинен кыргыз адабияты бир жакшы акынынан айрылып калды. Эч кандай сыйлык алган жок. Жашка карап эмес, наамды чыгармасына карап берүү кажет. Каза болгондон кийин жубайы китептерин чыгарды. Гүлжаканды да убагында окутту. Балдарын карап, жубайынын билим алуусуна шарт түзгөн. Өтө мыкты жолдош боло алды.
© Фото / из семейного архива СабыровыхМеңди Мамазаирова: Курбаналы Лейлектин сулуулугун, өрүкзар тууралуу мыкты ырларды көп жазчу. Анын ырларынын уникалдуулугу — жаратылышты сүрөттөгөнүндө. Ырлары ширин болчу.
Поэт и журналист Курбаналы Сабыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Меңди Мамазаирова: Курбаналы Лейлектин сулуулугун, өрүкзар тууралуу мыкты ырларды көп жазчу. Анын ырларынын уникалдуулугу — жаратылышты сүрөттөгөнүндө. Ырлары ширин болчу.
— Акыркы күндөрүн эскерип бере аласызбы?
— Жолонду "дос" дегени менен ага катары көрүп, абдан сыйлачу. Өлкөнүн ар башка аймагынан келген 10-15 бала ынак жолдоштор эле. Кийин бир жолу Курбаналы телефон чалып "силер өзүнчө топ түзүп, мени кошпой катышып баштапсыңар" деген таарынычын айтты. Жолон телефондон андай болбогонун айтып түшүндүргөн. Көп өтпөй, жайдын күнү кечке маал үйгө келип, залда экөө сүйлөшүп жаткан. Мен тамак алып келсем карап да койгон жок. Курбаналы кызуураак экен. Жолонго нааразы болуп, достору тууралуу айтып жатты. Мен аны карап отуруп таң калдым. Анткени көзүндө эч нур жок. Негизи көзүнөн нур чачыраган, чачын майлап артка тараган, койкойгон жигит да. "Апей, бул эмнеси? Же ичкенде ушундай болуп калабы" деп койдум. Анан кетти. Жолон экөөбүз Чүй көчөсүн караган балконго чуркап чыгып "аман-эсен жолдон өтүп алса экен" деп турдук. Ал троллейбуска отурганын көрүп "кудайга шүгүр" деп сүйүнүп калдык. Ошону менен түн бир оокумда телефон шыңгырады, барып алсак эле Курбаналы тууралуу суук кабар уктук. Ошону менен ызы-чуу болуп, Аламүдүндөгү үйүнө барсак, подъездде бала-чакасы ыйлап турган экен. Ушинтип досубуздан айрылып калдык.
Мен ушу табияттын кубулушуна таң калам да. Арадан бир-эки жыл өтүп, Курбаналыга куран окутушту. Баткенден апасы да келди. Ошондо апасынын айтуусу боюнча ал кишиге аян келген экен. "Айылда катуу шамал болуп, бак-дарактын баары ийилип термелүүдө. Мен баш-аягы жок чоң килемди сүйрөй албай жаттым. Ошентип жатсам эле бир барчын келип колума коно калганда жүрөгүн сууруп алдым. Колумда кан жалаган жүрөгү тыбырчылап калды. Ошол учурда ойгонуп кетип эле "кудай ай, Курбаналыма бирдеме болбоду бекен" деп ыйлап жибердим" деп айтып берди. Ошол күнү эле кабар угузуп, уулунун сөөгүн түндө алып келишиптир. Карачы, бул да трагедия. Байкуш эне уулу үчүн күйүп жүрүп өттү. Курбаналы сүйгөнүнө баш кошту, татынакай беш баланын атасы болду. Бирок атасына болгон өксүгү түбүнө жеткендей.
© Фото / из семейного архива СабыровыхМеңди Мамазаирова: негизинен кыргыз адабияты бир жакшы акынынан айрылып калды. Эч кандай сыйлык алган жок. Жашка карап эмес, наамды чыгармасына карап берүү кажет. Каза болгондон кийин жубайы китептерин чыгарды.
Поэт и журналист Курбаналы Сабыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Меңди Мамазаирова: негизинен кыргыз адабияты бир жакшы акынынан айрылып калды. Эч кандай сыйлык алган жок. Жашка карап эмес, наамды чыгармасына карап берүү кажет. Каза болгондон кийин жубайы китептерин чыгарды.
— Балдарынан акын чыктыбы?
— Балдарынын ичинен улуу кызы Лира ыр жазчу. Азыр дипломат болуп иштейт. Башкалары өз кесиптери менен кетти. Тарбиялуу, билимдүү, мыкты балдарды тарбиялады. Гүлжаканды үч уул, эки кызы алаканына салып аябай жакшы алып жүрүштү. Кийин Курбаналынын 50 жылдыгында Сооронбай Жусуев, Жолон Мамытов баштаган акындар туулган жери Баткенге барып эскерүү кечесин өткөрүп келдик. Жердештери, жергиликтүү бийлик абдан жакшы камданыптыр. Азыр жыл сайын айылында акын уулун эскерип турушат. Көп акындар, шакирттери, достору Курбаналыга арнап ырларды жазышты. Анын окуяларын эстеп алып бир чети күлсөк, экинчи жагынан боорукердиги, жакшы ырлары жетишпей жаткандай сезилет. Курбум Гүлжакан да өмүрдөн өтүп кетти.
Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2024
Генерал-полковникти тарбиялаган ардагер чоң аталар. Абдыгул Чотбаевдин эскерүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0