Тамада Аман Ибраев

Ибраев: той бергендер карызга батпай, тескерисинче, пайда көрө баштады

(жаңыланган 16:25 18.09.2017)
Тамада күркүрөтүп той берүү кыргыздын канында бар экенин белгилейт
Ибраев: той бергендер карызга батпай, тескерисинче, пайда көрө баштады

Азыр той бергендер карызга батпай, тескерисинче, пайда көрө баштады. Бул туурлуу тамада Аман Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Ибраев жети жылдан бери тамада болуп жүрүп бир да жолу насыя алып той өткөргөндөрү көрбөгөнүн айтат.

"Ысырапкорчулук деп тойлорду чектеп койсок, биринчи кезекте базарда отургандардын жана тамалардын иши токтойт. Той болгону үчүн көп адам иш менен камсыз болуп жатат да. Бул салт каныбызга сиңип калган нерсе. Андан качып кутула албайбыз. Менин оюмча той ысырапкорчулук эмес, тескерисинче, пайда алып келүүчү булак болуп калды. Анткени ар бир адам бери дегенде 500-1000 сом кошумча алып келет", — деди Ибраев.

Ошондой эле ал кыргыздын той бергени элибиздин бай жана жан дүйнөсү ачык экенин айгинелейт деген пикирде.

Аман Ибраев менен толук маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Белгилер:
той, тамада, Аман Ибраев
Тема боюнча
Шаршеев: ашыкча чыгымы жок той мамлекетке дагы пайдалуу
Турдалиева: эми денеме татуировка кылдырбас болдум
Өсүмдүк таануучу Абдыганы Абдыгапаров

Абдыгапаров: органикалык продукцияны көбөйтүүгө кооперативдер керек

Өсүмдүк таануучу Абдыганы Абдыгапаров Кыргызстанда органикалык продукцияны өндүрүүнү өнүктүрүү үчүн туура баа коюлушу керектигин айтты.

Айдоо талааларына изилдөөлөрдү жүргүзүп, атайын лабораториялар курулса продукциянын сапатын көзөмөлдөө оңой болот. Мындай пикирин Абдыганы Абдыгапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.

Абдыгапаров: органикалык продукцияны көбөйтүүгө кооперативдер керек

Анын айтымында, дыйкандар органикалык продукцияны көп көлөмдө экспорттоо үчүн атайын ассоциация же кооператив түзүп тыгыз байланышта иштөөсү зарыл.

"Бизде органика өнүгүшү үчүн ага коюлган туура баа болушу керек. Ошондо табигый продукцияларды өстүргөн дыйкандардын саны да көбөйөт. Мисалы, химикат колдонгон дыйканга салыштырмалуу органикалык өсүмдүк өстүргөндөрдүн түшүмү аз болот. Бирок баасы бирдей жана түйшүгү көп болгондуктан минералдык жер семирткичтерди колдонууга өтөт. Органикалык продукцияны атайын лабораторияларда текшерүү керек. Тилекке каршы, заманбап технологиялык лабораториялар жокко эсе. Дыйкандар органикалык продукцияны ири көлөмдө экспорттоо үчүн атайын ассоциация же кооператив түзүп тыгыз байланышта иштесе жыйынтык жакшы болот", — деди Абдыгапаров.

Ошондой эле адис айыл чарбасында жер семирткичтерди туура колдонуу дыйкандын ишин бир топ жеңилдетерин кошумчалады.

Белгилер:
жер семирткич, айыл чарба, агроном
Тема боюнча
Кыргызстанда минералдык жер семирткич экспорттоого тыюу салынды
Невролог, КММАнын А. Мурзалиев атындагы неврология жана клиникалык генетика кафедрасынын ассистенти Кундуз Карбозова

Карбозова: Паркинсон оорусу тукум кууйт

(жаңыланган 13:24 13.04.2021)
Невролог, КММАнын А. Мурзалиев атындагы неврология жана клиникалык генетика кафедрасынын ассистенти Кундуз Карбозова азыркыга чейин Паркинсон оорусунун пайда болушунун так себептери аныкталбаганын айтты.

Англиялык дарыгер Жеймс Паркинсон ооруну изилдеп, илдет тууралуу кагаз бетине жазып чыккан. Ошентип дартка анын ысымы коюлуп калган. Бул тууралуу Кундуз Карбозова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Карбозова: Паркинсон оорусу тукум кууйт

Анын айтымында, белгисиз себептерден улам Паркинсон илдети менен аялдарга караганда эркектер көбүрөөк жабыркайт.

"Паркинсон оорусу — нерв системасынын нейродегенеративдүү оорусу. Башкача айтканда мээнин кайсы бир бөлүгүнүн нейрондорунун өлүшү менен коштолот. Мээдеги нигро субстанция (же кара субстанция) деп аталган бөлүгү дофамин затын бөлүп чыгарат. Ал биздин кыймыл-аракет, эс тутум, маанайга таасир эткен нерв системабыздын эң белгилүү нейротрансмиттеринин бири. Бул зат азайганда Паркинсон оорусу пайда болуп, адамдын кыймыл-аракети бузулат. Бейтап кыймылдай албай, тең салмактуулукту сактай албай калат. Андан тышкары, эс тутум өзгөрүп, деменция (ой калчоонун жайлашы — ред.) байкалат. Паркинсон 1755-1756-жылдардан бери изилденип келгени менен азыркыга чейин оорунун пайда болушунун так себептери белгисиз. Ошентсе да мында генетикалык мутациялар болору аныкталган. Демек, тукум кууйт. Аталган дарт менен 60 жаштан кийинки курактагы, кээде 40 жаштагы адамдар, химиялык заттарды көп пайдалангандар ооруп калат. Илдет Паркинсон оорусу жана паркинсонизм деп да бөлүнөт. Биринчисинде жогоруда аталган белгилер болсо, экинчиси баш сөөк жаракат алганда, инсульттан кийин байкалышы мүмкүн", — деди Карбозова.

Невролог аталган илдетте ырахат нейротрансмити болгон дофамин азайгандыктан, адам суусап туруп суу ичсе, ачка болуп туруп тамак жесе ырахат ала албай турганын кошумчалады.

Белгилер:
Кундуз Карбозова, маанай, мээ, дарт
Тема боюнча
Интеллектуал адамдар кайсы ооруга көп кабылат? Дарыгердин пикири
Борбор калаада Бишкек баатырдын айкелинин ачылыш аземи өттү

Борбор калаанын чок ортосунда Бишкек баатырдын эстелиги ачылды. Сүрөт

(жаңыланган 11:12 14.04.2021)
Бишкек баатырдын эстелигине шаар бийлиги тарабынан 2019-жылы сынак жарыяланган. Анда 30 скульптордун арасынан Адил Сейталиев жеңүүчү болгон.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Борбор калаада Бишкек баатырдын айкелинин ачылыш аземи өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган аткаминерлер менен маданият өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

  • Торжественное открытие памятника Бишкек баатыру на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    Борбор калаада Бишкек баатырдын айкелинин ачылыш аземи өттү
    © Sputnik / Асель Сыдыкова
  • Торжественное открытие памятника Бишкек баатыру на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    Бийиктиги 3,5 метр болгон эстелик шаардын Эркиндик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишине тургузулган
    © Sputnik / Асель Сыдыкова
  • Торжественное открытие памятника Бишкек баатыру на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    Бишкек баатырдын эстелигине 2019-жылы шаар бийлиги тарабынан сынак жарыяланган. Анда 30 скульптордун арасынан Адил Сейталиев жеңүүчү болгон.
    © Sputnik / Асель Сыдыкова
1 / 3
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Борбор калаада Бишкек баатырдын айкелинин ачылыш аземи өттү

Бийиктиги 3,5 метр болгон эстелик шаардын Эркиндик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишине тургузулган.

Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы Бишкек баатыр касиеттүү адамдардан болгондугун айтып өттү.

"Бүгүнкү күндө Бишкек Кенен уулу жашап өткөн доорго кызыгуу тереңдеп, тарыхчы-окумуштууларыбыз, жазуучуларыбыз анын өмүр таржымалын ийне-жибине чейин тактаганга аракет кылып жатышат. Көркөм чыгармалар, катар-катар илимий иликтөөлөр жазылууда", — деди Жапаров.

Өлкө башчысы ошондой эле шаардагы тарыхый эстеликтерге аяр, камкор мамиле жасалышы керектигин белгилеп кетти.

Бишкек баатырдын эстелигине 2019-жылы шаар бийлиги тарабынан сынак жарыяланган. Анда 30 скульптордун арасынан Адил Сейталиев жеңүүчү болгон.

Баатырдын айкелин коюу боюнча иштер өткөн жылдын июнь айында башталып, ачылышы 31-август — Кыргызстандын эгемендик күнүнө паландалган. Бирок пандемиядан улам курулуш иштери өз убагында бүтпөй калган болчу.

Эстеликти орнотууга 8 миллион сомдон ашык акча жумшалган. Бул каражатты "Бишкек баатыр" коомдук бирикмеси марафондо чогулткан.

Белгилер:
Бишкек баатыр, Садыр Жапаров, азем, ачылыш, эстелик, айкел
Тема боюнча
Кызыл-Аскерде өзгөчө эстеликтер пайда болду. "Эскерүү багы" акциясынан видео