Кишен. Архивдик сурөт

Ош: башсыз денеси таштандыдан табылган аялдын өлүмүнө шектелип, келини кармалды

5593
(жаңыланган 17:15 29.08.2017)
Келини менен кошо анын эжеси кармалган. Учурда алар ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

БИШКЕК, 29-авг. —  Sputnik. Ош шаарында жансыз денеси таштанды челектен табылган аялдын өлүмүнө шектелип 25 жаштагы келини жана анын эжеси кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти. Учурда аялдар ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал эми өздүк булактын маалыматы боюнча келин менен кайнененин ортосунда чыр чыгып, ага кайнененин баласы менен келинин жашатпайм дегени себеп болгон. 

Маркум 51 жашта экендиги жана Чоң-Алайда туулгандыгы айтылды. Энеси уул-келини менен жашап келгени, ал эми кандуу окуя баласы ишке кеткен учурда болгондугу аныкталды.  

"Шектелип жаткан экинчи аял маркумдун келининин 37 жаштагы жакын эжеси болгон. Экөө тең Ош шаарынын тургундары экендиги белгилүү болду. Ал эми келини 25 жашта болуп чыкты",  — деп билдирди маалымат берген булак.

Эске сала кетсек, Ош шаарынын түштүк-чыгыш аймагында жайгашкан Мамлекеттик социалдык университетинин маңдайындагы таштанды челектен 27-август күнү 10.30дар чамасында 40-50 жаш чамасындагы аялдын сөөгүн "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери таап алышкан. Өлүктүн башы жок экендигин жана буттарын кесүүгө аракет жасалгандыгын милициядан кабарлашкан.

5593
Белгилер:
аял, дене, келин, өлүм, Ош
Тема:
Ош: келини кайненесинин өлүмүнө шектелди (11)
Тема боюнча
Оштогу таштанды челектен башы кесилген аялдын сөөгү табылды
Ош: милиция аялдын башын кесип салган кылмышкерди табуу үчүн элден жардам сурайт
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали. Архивдик сүрөт

Казакстан президентинин маалымат катчысынан COVID табылды

31
(жаңыланган 23:36 06.06.2020)
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин, Ак ордо санитардык эрежелерди сактап жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали коронавирус менен ооруп калгандыгын Sputnik Казакстан жазды.

"Тилекке каршы, менин коронавирус боюнча тапшырган тестим сактанган чараларга карабастан, менден оору чыккандыгын көрсөттү. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, ооруканада жатам. Абалым канааттандырарлык", — деген Берик Уали.

Казакстан президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин айтты.

"Мамлекет башчы тесттен улам өтүп турат. Ак ордо санитардык эрежелерди сактап, талаптар күчөтүлгөн", — деген Уали.

Ал жалпы казакстандыктарды карантиндин талаптарын сактоого чакырды.

31
Белгилер:
коронавирус, катчылык, маалымат, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема боюнча
Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты
Внедорожник марки Toyota Land, водитель, которого протаранил будку с охранником в центре Бишкека

Куралы бар экен, абайлагыла! Бишкекке жакын жолдогу кинодогудай куугундун видеосу

1449
(жаңыланган 00:04 07.06.2020)
Кара түстүү ири жолтандабастын калдаңдап, бирде жолдун бул тарабына, бирде экинчи тарабына чыгып, катуу ылдамдык менен бара жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бүгүн Бишкектин борборунда күзөтчүнүн будкасын бир нече ирет талкалай сүзүп, дагы бир кызматкер менен мушташкан айдоочуну Чүй облустук ЖКККБнын кызматкерлери кантип кармаган видео тарады.

Эске салсак, ал Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде чатак чыгарып, бир нече ирет будканы сүзүп, мушташып, андан соң жолтандабасын айдап жок болгон.

Көп өтпөй аны автоинспекторлор Токмок аймагынан кармады деген маалымат келип түшкөн. Айдоочунун ичип алганы жана 30 жашта экени айтылып, сүрөтү жарыяланган

Көп өтпөй кудум кинофильмге окшогон сюжеттеги видео интернетке коюлду.

"Sputnik Кыргызстан" Телеграм-каналына чыккан видеодо анын Бишкек — Торугарт жолунда автоинспектордун артынан кууган эки бригадасына моюн бербей качып бара жаткандыгын көрүүгө болот. Окуяны видеого тарткан жаран комментарий берип, ал тургай ок атылганын айтканы даана угулуп турат.

Кара түстүү ири жолтандабастын калдаңдап, бирде жолдун бул тарабына, бирде экинчи тарабына чыгып, катуу ылдамдык менен бара жатканын көрүүгө болот. Ал тартип сакчылардан бир топ жерге чейин качып барып, чаңды сапырылта, тегеренип барып оң тарапка токтогон.

Кадрдан чыккан үндөн "куралы бар экен, абайлагыла" деп эскертип жатканын угууга болот.

Кинофильмдеги фрагменттерди эске салган бул видеодон тартип сакчыларынын жаракат алганы байкалган жок.

Тартип сактоо органдарындагы маалымат булактары Токмокко чейинки жолдо айдоочу бир нече блок-постторду да жөөлөй, сүзүп кеткендигин айтышты.

 

1449
Белгилер:
кармоо, тартип, күзөтчү, жолтандабас, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкек: Land Cruiser айдаган киши күзөтчүнүн будкасын талкалап, мушташкан видео
Бишкек: будканы талкалай сүзүп, күзөтчү менен мушташкан айдоочу кармалды. Сүрөт