Сузак менен Аламүдүндө кырсыктаган эки унаа толугу менен күйүп кетти

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПожар в центре скалолазания RockTown в Санкт-Петербурге
Пожар в центре скалолазания RockTown в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттөнүп кеткен унаанын бири Sprinter болсо, экинчиси Ford Focus болгон

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кечээ, 2-октябрда, Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айылында жыгач устундуу шифер жабылган бастырмадан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМин мааылмат кызматынан кабарлашты.

17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы Карамык айылында Lexus RX-300 аласалып, андан 9 жана 16 жаштагы кыздар каза болгон - Sputnik Кыргызстан
Жолдо жок болгон үй-бүлө, тойдо кызынан айрылган ата-эне. Сентябрдагы кырсыктар
Билдирмеге караганда, тилсиз жоонун кеспетинен ал жердеги бир тонна көмүр, үч куб отун, 500 түк саман, 1000 түк чөп жана Sprinter унаасы толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Ал эми Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Жашасын айылында Ford Focus менен Daewoo Tico унаалары кагышкан. Катталган кырсыктан Ford Focus машинасы толугу менен күйүп кеткен. Daewoo Tico унаасынын бир жүргүнчүсү жеңил жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0