Церемония совместного фотографирования глав государств-членов ОДКБ. - Sputnik Кыргызстан

ЖККУнун Бишкектеги саммити. Онлайн репортаж. Сүрөт, видео

Жазылуу
28-ноябрда Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити өтөт.

Бул иш-чарага Белоруссиянын, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын президенттери жана Армениянын премьер-министри катышат.

Алгач мамлекет башчылары тар чөйрөдө жолугуп, андан кийин кеңири курамда сүйлөшүшөт. Жалпысынан күн тартибине 17 маселе киргизилген. Анын ичинде афган-тажик чек арасын бекемдөө көйгөйү да бар.

Бардык иш-чаралар жыйынтыкталгандан кийин ЖККУга төрагалык кылуу Россияга өткөрүп берилет.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:52 28.11.2019

Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Жолугушуу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алкагында болгон.

Жээнбеков Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу мамилелери активдүү динамикага ээ болуп, өлкөлөрдүн кызматташуусу бардык багыттар боюнча жемиштүү уланып жатканын баса белгиледи.

Ал Россиянын Президентине ЖККУнун алкагында да, эки тараптуу форматта да активдүү жана жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз дайым сизди Кыргызстанда көрүүгө кубанычтабыз. Сизди биздин өлкөдө жакын жана чыныгы дос катары кабыл алышат», — деди ал.

Андан сырткары Кыргызстан жана Россиянын кызматташуусу мындан ары дагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктө өнүгөөрүнө ишеним билдирди.

Өз кезегинде Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго Кыргызстандын ЖККУдагы төрагалыгынын алкагында аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдирди. Эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсү үчүн гана эмес, аймактагы кызматташтык жаатында дагы маанилүү болгон көптөгөн маселелер боюнча Кыргызстан лидерликти көрсөткөнүн белгиледи.

Путин андан сырткары кыргыз тарапка БУУ жана башка аянтчаларда россиялык демилгелерди колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда Бишкекта ЖККУнун  Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп, ага Кыргызстан төрагалык кылды. ЖККУга төрагалык кылуу милдети Россияга өттү.

 

18:28 28.11.2019
16:57 28.11.2019
15:06 28.11.2019

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путинди ЖККУга төрагалыкты өткөрүп алышы менен куттуктады.

Эске салсак, Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезектеги саммити өтүп, ага Кыргызстан төрагалык кылды.

«Учурдан пайдаланып, Владимир Владимировичти ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешине төрагалыкты алышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалайм", — деди Жээнбеков.

Ал Россиянын төрагалык кылышы уюмдун 2020-жылда жасай турчу иштерине жакшы импульс берерине ишенерин айтты.

Өз кезегинде Путин Кыргызстанга ийгиликтүү төрагалык кылганы менен куттуктады.

«Россия тарап уюмдун идеяларын улантарын ишендирип кете алам. Андан сырткары конструктивдүү жана мазмундуу иштер уланат", — деди Путин.

 

14:51 28.11.2019

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразиялык аймактагы коопсуздукту камсыздоодо Россия менен Владимир Путиндин аракеттерин өзгөчө белгиледи. Мындай пикирин ал ЖККУнун Бишкекте өтүп жаткан жыйынында билдирди.

Эске салсак, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити Бишкекте өтүп жатат. Ага Кыргызстан төрагалык кылууда.

«Жалпы Евразия аймагында коопсуздукту камсыздоодо Россиянын аракеттерин өзгөчө белгилеп ктеишим керек. Анын мисалы катары Россиянын куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык командалык-штабдын "Центр - 2019" машыгууларын айтсак болот. Заманбап техникаларды колдонуу менен Оренбург шаарында өткөн машыгууларга өзү күбө болдум. Россиянын куралдарынын күчүн көрүп аябай таасирлендим", — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле ЖККУнун аймагында коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоодо Владимир Путиндин кошкон салымын жогору баалады.

Белгилей кетсек, ЖККУга Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчө.

13:15 28.11.2019

Дал ушул чоң залда бир нече убакыттардан кийин кеңири курамдагы жыйын башталат. Ага мамлекет башчыларынан тышкары коргоо министрлер жана коопсуздук кеңештеринин катчылары катышат.

Саммит ОДКБ в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
11:36 28.11.2019

Азыр ЖККУга мүчө мамлекеттин башчылары тар чөйрөдөгү жолугушууларын баштаганы жатат.

11:34 28.11.2019

ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын сүрөткө түшүү аземи болду.

Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11:24 28.11.2019

Россиянын президенти Владимир Путин келди. Аны "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы Конгресс-Холлдун алдынан Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

11:23 28.11.2019

Конгресс-холлдо журналисттер үчүн уюштурулган пресс-борбордон бир көрүнүш.

Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11:05 28.11.2019

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кызыл килем менен басып Конгресс-холдун имаратына кирди.

11:02 28.11.2019

Мамлекеттик маанидеги мындай жолугушуулар белгиленген мөөнөтүнөн кеч башталган учурлар көп эле болот.

"Бүгүн бардыгы өз маалында башталып жатат. Демек убагында үйгө барабыз", - деп журналисттер сүйүнүп жатат.

11:00 28.11.2019

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кортежи келди. Эске салсак, ал кечээ, 27-ноябрда, Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келип, президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан болчу.

10:58 28.11.2019

Мамлекеттик резиденцияга Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко келди. Аны Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

10:57 28.11.2019

Жолугуу аземи башталды. Биринчилерден болуп Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келди.

10:32 28.11.2019

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын программасы.

Иш-чарага катышуу үчүн уюмга мүчө болгон бардык мамлекеттердин башчылары Бишкекке учуп келди.

10:50-11:00 — Президенттердин мамлекеттик резиденциядагы Конгресс-холлго келүүсү

11:10-11:15 — Чогуу сүрөткө түшүү

11:20-12:50 — тар чөйрөдөгү жолугушуу (ЖМКлар киргизилбейт)

13:00-14:00 — кеңири курамдагы жолугушуу (ЖМКлар катышат)

14:00-14:20 — журналисттерге маалымат берүү

14:30-16:00 — Сооронбай Жээнбеков ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларын расмий кабыл алат.

Ошондой эле, эки тараптуу жолугушуулар болушу мүмкүн.

10:28 28.11.2019

Операторлор менен фотографтар төрт топко бөлүндү. Алардын ар бири иш-чаранын белгилүү бир жерин гана тартат. Үч топ сүрөт, видеого тартуу үчүн жолугушуу боло турчу жерлерге чыгып кетти.

10:26 28.11.2019

Президент Сооронбай Жээнбеков Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен жолугушту.
Жолугушуу Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтө турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алкагында өттү.
Мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин жана көп тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин талкуулашты.
Тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.

10:22 28.11.2019

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлашынча, саммитти чагылдырууга 135 чет элдик журналисттер каттоодон өткөн.

10:17 28.11.2019

Пресс-борбордо көрсөтүлүп жаткан трансляциядан Конгресс-Хол имаратында даярдыктар көрүлүп жатканын көрүүгө болот. Дал ушул жерде ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын сүрөткө түшүү аземи өтөт.

Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
10:04 28.11.2019

Президент Сооронбай Жээнбеков Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин сессиясынын алкагында жолукту.

Жээнбеков менен Пашинян эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, кыргыз-армян алакаларын талкуулашты.

10:01 28.11.2019

Саммитти чагылдыруу үчүн чет элдик жана жергиликтүү ЖМКлардын 265 өкүлү каттоодон өткөн. Журналисттер үчүн маалымат борбору конгресс-холдо уюштурулган.

Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
10:00 28.11.2019

Саат 10:50дө ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына келери күтүлүп жатат. Андан кийин алар чогуу сүрөткө түшөт. ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин сессиясы тар чөйрөдө бир жарым сааттай, кеңири курамда бир сааттай болот. Андан кийин журналисттерге талкууланган маселелер боюнча маалымат берүү каралган. Сессия президент Сооронбай Жээнбековдун ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларын расмий кабыл алуусу менен аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0