Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал

Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосундагы чыр 13-март күнү кечке маал чыккан. Ага Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушу себеп болгон.

Элди тынчытууга эки өлкөнүн чек арачылары аракет кылып, жоокерлер асманга ок чыгарууга аргасыз болгон.