ЕАЭБ мамлекеттери салык салуунун сапатын талкуулашты

© Sputnik / Табылды КадырбековЕАЭБ мамлекеттеринин желеги. Архив
ЕАЭБ мамлекеттеринин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйын соңу менен катышуучулар салык башкаруучулугун күчөтүүгө багытталган бир катар чечимдерди кабыл алышты.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү Москвада өткөн салык саясаты жана башкаруучулук боюнча консультативдик комитеттин 8-жыйынына катышканын аталган мекеме билдирди.

Өкмөт салык төлөөдөн качкандарга катуу чара көрөт
Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Россия салык кызматтарынын жетекчилери жана ЕЭК өкүлдөрү катышты.

Жыйында адистер кыйыр салыктын байланышкан 20 маселени карашты. Мында ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы салык алуудагы административдик тоскоолдуктар, товарларга болгон салык көзөмөл маселелери талкууланды.

Жыйын соңу менен катышуучулар салык башкаруучулугун күчөтүүгө багытталган бир катар чечимдерди кабыл алышты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0