АКШнын Ирактагы базасы. Архивдик сүрөт

Иран АКШнын Ирактагы аскерий объектилерине кол салды. Учурда эмне болуп жатат?

12884
(жаңыланган 22:44 08.01.2020)
Ирактын батыш аймагында жайгашкан АКШнын “Аль-Асад” аскердик базасы ракеталык чабуулга тушукту. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу азырынча маалымат жок.
Жаңы билдирүү
  • 22:44

    Дональд Трамп түз эфирге жарым сааттан ашыгыраак убакыт кечигип чыгып, элине Ирандын АКШнын авиабазасына болгон соккусу тууралуу кайрылуу жасады. Анын айтымында, сокку базага чоң зыян келтирген эмес. Жабыркагандар жок. 

    "Иран артка чегинди окшойт, бул дүйнө үчүн жакшы нерсе", - деди Трамп. 

    Ал ошондой эле алдын ала эскертүү системасынын арты менен эч ким жабыркабаганын белгиледи. 

    "Мен бийликте турган кезде Тегеран өзөктүк куралга ээлик кыла албайт", - деди Трамп. 

    АКШ лидери Улуу Британия, Кытай, Россия, Германия жана Францияны Иран менен жаңы келишим түзүүнүн үстүндө иштөөгө чакырды. 

  • 22:19

    Бүгүн, 8-январда, кечки саат 22.00дө Дональд Трамп Ирандын АКШнын аскерий базасына жасаган соккусу боюнча билдирүү жасамак. Бирок түз эфир убагында башталбай жатат. 

  • 18:53

    НАТО Ирандын аскердик базаларга урган соккусун айыптарын айтты

    НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Ирандын АКШ жана коалиция күчтөрүнө жасаган соккусун айыптап, мындан аркы зомбулуктан алыс болууга чакырды. Бул туурасында анын Twitter баракчасына жазылган.

  • 18:45

    Америкалык аскерлер Сириядагы эки базаны таштап чыгып кетти

    Америкалык аскерлер Сириянын түндүн-чыгыш тарабындагы эки базасынан Иракты көздөй багыт алып, чыгып кеткени боюнча маалыматты SANA агенттиги таратты.

    Анда аскердик техникалары менен жүк ташуучу 40ка чукул автоунаа Хораб-Жейр (Хасеке провинциясы) базасынан Иракты көздөй багыт алгандыгы айтылат. Аны менен катар эле Шаддади шаарынан аскердик техникалары менен чукул жүк ташуучу 40ка чукул автоунаа  Ирак менен чектешкен аль-Валид көзөмөл өткөрүү жайын көздөй жөнөгөн.

     

  • 18:21

    Ирандын АКШнын аскердик базасына ракета коё берген видеосу чыкты

    Иран баллистикалык ракеталарын АКШнын Ирактагы аскердик базаларын көздөй атып жаткан видеосун жергиликтүү Press TV телеканалы жарыялады.

  • 17:12

    Роухани өзөктүк куралды колдонор, колдонбостугу боюнча үн катты

    Иран өзөктүк куралдар боюнча макулдашуудагы милдеттерин аткаруудан акыркы ирет баш тарткандан кийин өзөктүк курал боюнча ишмердүүлүгү тынчтык мүнөздө жүрөт. Бул туурасында аталган өлкөнүн президенти Хасан Роухани айтты.

    "Өкмөт өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча милдеттенмелердин акыркы бешинчи кадамын жасап жатып, тынчтык мүнөздөгү өзөктүк куралдардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча өтө маанилүү чечимди кабыл алды", — деп айтканы президенттин расмий сайтына жайгаштырылган.

    © Sputnik / Алексей Дружинин
  • 16:02

    Иран менен Ирактын үстүнөн учпагыла! Бир нече мамлекеттер жүргүнчү учактардын каттамын токтотту

    Росавиация, Air France жана Air Astanа Иранда бүгүн таңда учак кулагандан соң коопсуздук иретинде өздөрүнүн Жакынкы Чыгыш аймагындагы авиабагыттарын өзгөрттү.

    Россия өзүнүн авиакомпанияларына Иран, Ирак, Перс жана Оман булуңунун үстүндөгү аба мейкиндигинен өтпөөнү эскертти.

    Air France Иран менен Ирактын үстүнөн өткөн бардык каттамдарын токтотту.

    Ал эми Казакстандын Air Astanа компаниясы Дубайга бара жатканда Иран менен Ирактын аба мейкиндиги аркылуу учпоону айтты.

    Эске сала кетсек, түнкү ракета чабуулдарынан кийин таңга жуук Ирандын Имам Хомейни атындагы аэропортунда Тегеран-Киев багыты боюнча жолго чыккан Boeing 737 лайнери кырсыктаган. Лайнер аба майдандан учуп чыккандан кийин кулаган.

    Борттогу жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын бири да тирүү калбагандыгы айтылды. Алардын саны бирде 180, бирде 176 деп айтылууда. 

    Акыркы маалыматтар боюнча, аба кемесинде Иран, Украина, Канада, Швеция, Афганистан, Германия жана Улуу Британиянын жарандары болгон.  

     

  • 15:34

    Путин менен Эрдоган АКШ-Иран маселесин талкуулайт

    Россия, Түркия лидерлери Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган шаршемби күнү Стамбулда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда Иран менен АКШны кеңири масштабдуу согуштук аракеттерден баш тарттырууга биргелешип аракет кылуу талкууланат.

    Бул туурасында РИА Новостиге Kafkassam стратегиялык изилдөөлөр борборунун Анкарадагы директору Хасан Октай айтып берген.

    Визит президента РФ В. Путина в Турцию
    © Sputnik / Сергей Гунеев
  • 15:21

    Еврокомиссия Жакынкы Чыгышта курал колдонууну токтотууга чакырды

    Жакынкы Чыгыштагы кризис Евробиримдикке да таасирин тийгизет, андыктан Еврокомиссия (ЕК) курал колдонуунун ордуна кепке келиш керек Мындай билдирүүнү ЕК башчысы Урсула фон дер Ляйен айтты.

    Бүгүн эртең менен еврокомиссарлардын атайын жыйыны өтүп, анда Жакынкы Чыгыштагы абал талкууланган. Тагыраагы, Ирактагы, Ирандагы жана Ливиядагы кырдаал тууралуу сөз болгон.

  • 13:04

    Ирандыктар генералдын өлүмү үчүн өч алууну талап кылган

    Буга чейин, тагыраагы 6-январда генерал Касем Сулейманини акыркы сапарга узатуу үчүн Ирандын көчөлөрүнө он миңдеген адам чыккан. Алардын көбү колуна плакат көтөрүп алып, "Америкага өлүм" деп кыйкырышкан.

    Ал эми генерал Касем Сулейманинин кызы Зенайб Сулеймани элдин алдында сүйлөп жатып, америкалык аскерлердин үй-бүлөсүнө да кайрылган.

     Коштошуунун видеосун толугу менен көрсөңүз болот. 

     

     

  • 12:38

    Ирак: аткылоодон ирактык аскерлер жабыр тарткан жок

    Ирандын АКШнын аба базаларына жасаган соккусунан Ирактын аскерлери жабыр тартпагандыгын Ирак армиясынын маалымат кызматы билдирген.  

    Билдирүүдө 8-январда саат 1.45 - 2.15тер арасында Ирактын аймагына 22 ракета кое берилген айтылган. 17си "Айн аль-Асад" аскер базасына келип түшсө, анын ичинен экөө жарылбай калган. Беш ракета Эрбиль районуна түшкөн.

    "Бардык ракеталар күчтөрдүн коалициясынын объектилерине тийген", — деп тастыктаган Ирактын Аскер аба күчтөрүнөн.

  • 11:46

    Ирактагы АКШ базаларын аткылоодо 80ге чукул киши көз жумду

    Түнкү чабуулдан каза болгондор боюнча маалыматты Press TV өзүнүн социалдык баракчасына жайгаштырган. Алардын ким экендиги азырынча так айтыла элек. 

  • 10:48

    Иран: дүйнө АКШдан аймактан аскерлерин чыгарып кетишин талап кылышы керек

    Дүйнө коомчулугу АКШдан Жакынкы Чыгыш аймагынан өзүнүн болгон-бүткөн аскердик күчтөрүн алып чыгып кетүүсүн талап кылышы керек. Бул Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) өкүлү Мажид Тахт-Раванчи жазган катында айтылат. Документ БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш менен Коопсуздук кеңешине жолдонгон.

     

  • 10:31

    АКШнын  Эл өкүлдөр палатасынын  — Конгресстин спикери Нэнси Пелоси Америка жана бүт дүйнө согуш отун тутандырып жибербеши керектигин айтты.

    Ал АКШнын президентинин администрациясынан Иранга карата чагымчылдыкты, ал эми Ирандан зомбулукту токтотууну талап кылды.

  • 10:10

    Вашингтон: Ак үйдү кайтаруу күчөтүлдү

    Ирактын соккусунан кийин Америкадагы Ак үйдүн айланасындагы коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул туурасында CNN АКШнын күч түзүмдөрүнүн өкүлүнүн айтканына таянып жазды.

    Ак үйдүн жанындагы көзөмөл-өткөрүү  жайларында АКШнын Жашыруун кызматын өкүлдөрү жүргөнүн байкоого болот. Ал эми аталган кызматтын телеканалга комментарий берүүдөн баш тарткан.

  • 10:01

    Трамп азыркы абал боюнча расмий билдирүү жасай турганын айтты

    АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын ракеталык соккусунун жыйынтыгы боюнча шаршембинин күнү эртең менен (биздин убакыт боюнча бул кечинде болот) билдирүү жасай тургандыгын айтты.

    "Баары жайында. Иран Ирактагы эки базага ракета кое берди. Азыр жабырлангандар барбы, кандай зыян келтирилди деген нерселерди тактап жатабыз. Бирок баары жакшы! Мен эртең билдирүү менен чыгам", — деп жазган социалдык тармактагы баракчасына.

  • 09:47

    ЖМК: Иран АКШ, Бириккен Араб Эмирлиги менен Израилге сокку урарын айтууда

    Ислам революциясынын коргоочуларынын корпусу эгерде Вашингтон аларга Ирактагы аба базаларынан сокку урса, АКШга ракета кое берерин эскертти. Бул маалыматты CNN телеканалы таратты.

     ЖМКнын билдиргенине караганда, аталган корпус эгерде Ирандын аймагы бомбалоого кабылса, алар Дубайга (Бириккен Араб Эмирлигине) жана Хайфага (Израиль) ракета менен сокку урарын айтты.

     

  • 09:19

    Иран ТИМинин башчысы Мохаммад Жавад Зариф үн катты

    Иран ТИМинин башчысы Мохаммад Жавад Зариф Ирактагы АКШнын аскер базаларына сокку уруу алардын атуулдарына жана аткаминерлерине жасалган чабуулдан коргонуу чарасы экендигин айтты.

    Ал Тегеран "эскалацияга же согушка" умтулбай тургандыгын кошумчалады.

    "Биздин жай жарандарга жана жогорку кызматтагы аткаминерлерге суу жүрөктүк менен кол салуу болду. Иран базаларына сокку уруп бул кадамга, коргонууга БУУнун уставынын 51-беренесине ылайык барды", — деп жазды Зариф Twitter аккаунтуна.

    "Биз эскалацияга же согушка ашыкпайбыз, умтулбайбыз, бирок өзүбүздү кандай гана агрессия болбосун коргоп кала алабыз", — деп кошумчалаган министр.

  • 09:04

    Касем Сулеймани жерге берилүүдө

    Ал арада өлтүрүлгөн Касем Сулейманинин калган сөөктөрүн көмүү анын туулган шаары Керман шаарында болуп жатат. Бул туурасында Ирактын Press TV каналы билдирди.

  • 08:46

    Иран Сулеймани өлтүрүлгөн убакта соккусун баштады
    Американын Ирактагы аскерий базасына шаршембиге караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 1.20да сокку жасалган. Ирандык генерал Касем Сулеймани дагы дал ушул убакытта — 3-январда жок кылынган болчу. Бул туурасында New York Times басылмасы ирандык чиновниктерге таянуу менен билдирди.

    Эске салсак, АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулеймани набыт болгон.

  • 08:43

    Иран күчтөрү америкалык базага 35тен кем эмес сокку жасаган

    Ирандын Ислам революциясынын колдоочулар корпусу АКШнын "Айн-аль-Асад" базасына 35тен кем эмес сокку жасады. Бул туурасында РИА Новости  Tasnim агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

  • 08:36

    Чыр-чатак жана экономика

    РИА Новости агенттиги Ирандын АКШ базаларына урган соккуларынын кийин WTI мунай затынын баасы шаршемби күнү 4 пайызга өскөндүгүн жазды. Бул маалыматты биржанын маалыматтарды тастыктап турат.

     Бишкек убактысы боюнча саат 7.08ге карата WTI үлгүсүндөгү мунай затынын февраль айына коюлган баасы 3,87 пайызга кымбаттады.

    Буга чейин котировка 4,40 пайызга чейин көтөрүлгөн эле.

  • 08:22

    АКШнын Аскер аба күчтөрүнүн учагын Иран "Айн-Асад" базасынын учуп-конгон тилкесинде жок кылгандыгын ливандык "Аль-Маядин" телеканалы кабарлады.

  • 08:12

    Press TV каналынын Twitter аккаунтуна АКШнын Ирактын батышындагы "Айн-аль-Асад" базасына жасалган ракета чабуулунун видеосу жарыяланды

    Андан чабуулдун кандай болгондугун көрүүгө болот.

  • 08:08

    Ирактагы АКШ аскерлери турган базага 13 ракета тийгендиги  айтылууда.

    Алардын абадан кол салууга каршы турган системасы Иран ракеталарын атып түшүргөн-түшүрбөгөнү боюнча так маалымат чыга элек.

  • 07:57

    Учурда Израиль абадан кол салуудан коргонуу жана аскерий-аба күчтөрүн согуштук даярдыкта кармап турат. Бул туурасында аравиялык "Аль-Арабия" телеканалы маалымдады.

  • 07:56

    Сенатор: Трамп Иранга сокку менен жооп берүүгө конгресстен уруксат алышы керек

    АКШ сенатору, демократ Эд Марки президент Дональд Трамптан Иранга жооп берген сокку ура турган болсо,  конгресстен уруксат сурашы керектигин талап кылды.

    Анын пикирине караганда, АКШ президенти аскерий күчтөрдү колдонуу үчүн так даана уруксат алышы керек.

    "Трапмтын АКШ аскерлеринин, жай адамдардын жана союздаштардын жашоосуна кайдыгер карагандыгы, Иран менен болгон чатак биздин адамдарды өрткө алып барып такады", — деп жазган Марки  социалдык тармакка.  

  • 07:42

    Иран АКШнын союздаштары боюнча билдирүү жасады

    Ирандын Ислам революциясынын колдоочулар корпусу аларга каршы согуштук аракеттерди көрүү үчүн аймагын АКШга пайдаланууга берип жаткан мамлекеттерге да жооп катары сокку жасаларын билдирди.

  • 07:36

    Азырынча жаракат алгандар боюнча так маалымат жок. CNN телеканалы өздүк булактарына таянып, ракеталык соккудан америкалык аскерлер жабыркабагандыгын айтууда.

  • 07:33

    ЖМКлар ракеталардын экинчи толкуну тууралуу кабарлады

    Ирандын Tasnim агенттиги америкалык авиабазаларга жасалган ракеталык соккулардын экинчи толкуну башталганын кабарлады. Ал эми РИА Новостинин аскердик маалымат булагы ирандык аскерий учактар абага көтөрүлүп, чек аралаш аймактарда айланып жүргөнүн билдирди.

  • 07:24

    Пентагондун реакциясы

    Пентагон Ирандын соккусуна карата жооп берүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт. АКШнын коргоо министринин коомчулук менен байланышуу боюнча жардамчысы Жонатан Хоффман баллистикалык ракеталар менен кол салуу болгонун билдирди. Окуя Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 3.30дар чамасында башталган.


    "Ракеталарды Иран коё бергени белгилүү. Алар бери дегенде АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн жана коалициясынын Аль-Асад жана Эрбилдеги эки аскерий базасына сокку жасоону максат кылган. Биз келтирилген зыяндын алдын ала эсебин чыгаруу боюнча иштеп жатабыз", — деди Хоффман.

  • 07:22

    АКШнын президенти Дональд Трамп кырдаалга тыкыр көз салып, улуттук коопсуздук боюнча командасы менен консультацияларды өткөрүп жатканы маалымдалды. Өз кезегинде Америка аскерлеринин жана аймактагы союздаштарынын коопсуздугун камсыздайбыз деп жатат.

  • 07:20

    Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу так маалымат жок.

  • 07:17
    Государственный флаг Ирана. Архивное фото

    Иран АКШнын Ирактагы аскерий объектилерине сокку урду

    АКШнын батыш аймагында жайгашкан “Аль-Асад” аскердик базасы ракеталык чабуулга тушукту. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу азырынча маалымат жок.
    Дагы
  • 07:12

    Ирандын Ислам революциясынын колдоочулар корпусу кол салууну алар жасаганын айтты. Бул Багдадда өлтүрүлгөн генерал Касем Сулеймани үчүн өч алуу экенин белгилешти.

  • 07:12

    Акыркы маалыттар боюнча америкалык база ондогон ракетанын чабуулуна туш болгон.

live
Иран АКШнын Ирактагы аскерий объектилерине кол салды. Учурда эмне болуп жатат?
+
12884
Белгилер:
база, сокку, АКШ, Ирак, Иран
Тема:
Ирандын АКШнын базасына сокку уруусу (19)
Тема боюнча
Иран АКШнын Ирактагы аскерий объектилерине сокку урду