Кыргыз күрөшүн мыкты өздөштүргөн өлкөлөр бар. Федерация жетекчиси менен маек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБалбандар кыргыз күрөш боюнча мелдеште. Архив
Балбандар кыргыз күрөш боюнча мелдеште. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2024
Жазылуу
Учурда кыргыз күрөшү эл аралык аренада кулачын кенен жайып, өнүгүү жолуна түшкөн маалы. Акырындан дүйнөлүк чемпионат, Азия биринчилигин өткөрүүгө да кадам ташталды.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Кыргыз күрөшү эл аралык федерациясынын президенти Рыскелди Шамиев болду. Биз кыргыз күрөшүнүн өнүгүшү жана анын ичинде федерациянын жасап жаткан иштери боюнча кеп курдук.
— Жакында эле өткөн кыргыз күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты тууралуу кеп баштасак...
— Байыркы элбиз. Тилибиз, үрп-адатыбыз менен бирге улуттук маданиятыбыз жана спортубуз да болушу керек. Көчмөндөр үчүн улуттук күрөштүн орду чоң. Кыргыз баласы күрөшкө жакын. Ушундан улам ааламдашуу доорунда ата-бабадан калган оюндар четте калбашы үчүн дүйнөгө таанытууга аракет кылып келебиз. Кыргызстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргыз күрөшү боюнча эл аралык федерация түзүлүп, учурда биздин жоболор менен 28 мамлекет иш алып барат. Алар федерацияны тааныйт. Ушундай кадамдар менен ишти баштап, эки жакты карап, баарын бышыктап алып, анан Азия биринчилигин өткөрдүк. Ал эми быйыл Россия Федерациясынын аймагындагы Чувашияда дүйнөлүк биринчилик болду. Бул — биздин спорт үчүн чоң жеңиш. Бүгүн кыргыз күрөшүн жайылтууга абдан көп күч жумшалууда.
— Өлкө аймагында кыргыз күрөшүн жайылтууга кандай иштер жасалып жатат?
— Буга чейин мамлекеттин ичиндеги бардык иш-чара, мааракелерде кыргыз күрөшү да өтүп келген. Азыр болгону анын эрежесин, ыкмасын кагазга түшүрүп, дүйнөлүк стандартка алып келдик. Ал немец, орус, англис болуп жалпы беш тилге которулган. Андай стандарт жазылмайынча кыргыз күрөшүнүн дүйнөлүк аренада орду болбос эле. Дүйнө эли башка күрөштүн түрлөрүндөй эле кыргыз күрөшүн таанып, аны менен машыгуусу үчүн аракет кылуудабыз. Кыйынчылыктын баары артта калды. Алардан өтпөсөк мындай деңгээлге жетпейт элек. Сырттан эч ким бизге жардам бербейт. Ар кандай иш-чараларды да өткөрүп жатабыз. Алдыда чет мамлекеттерде чоң турнирлерди өткөрүүгө жетишүү кажет. Ошондо кыргыз күрөшү келечектүү болот.
© Sputnik / Асель СыдыковаКыргыз күрөшү эл аралык федерациясынын президенти Рыскелди Шамиев: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргыз күрөшү боюнча эл аралык федерация түзүлүп, учурда биздин жоболор менен 28 мамлекет иш алып барат.
Президент Международной федерации кыргызской борьбы Рыскелди Шамиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2024
Кыргыз күрөшү эл аралык федерациясынын президенти Рыскелди Шамиев: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргыз күрөшү боюнча эл аралык федерация түзүлүп, учурда биздин жоболор менен 28 мамлекет иш алып барат.
— Дүйнөлүк стандартка такоо менен кыргыз күрөшүнүн айрым улутка таандык философиясын жоготуп албайбызбы?
— Кыргызстандын ичинде бел боо эрежелери өзгөргөн жок, улуттук баалуулуктары кала берет. Ал эми дүйнөлүк аренада анын талабына ылайык эрежелер болушу керек. Антпесе келечеги болбойт, жайылта албайбыз. Мисалы, япондордун сумосу мамлекетинде өз орду болгону менен эл аралык аренада спорт катары башкача каралат. Кыргыз күрөшү да ошондой болушу керек. Мамлекет ичинде балбандар жаргак шым менен үстү жылаңач күрөшө берет. Бирок эл аралык деңгээлде кийим кийгизип койдук. Эл аралык федерацияда гана эреже өзгөрүлбөсө, өлкө ичинде мурунку эрежеси менен кала берет. Азыр кыз-келиндер да бул спорттун түрү менен машыга баштады.
— Түркияда өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кыргыз күрөшү кирбей калган. Быйыл Казакстанда өтөт. Бул ирет киреби?
— Түркияда көргөзмө оюн катары киргенбиз. Спорт дүйнөсүндөгү мыйзам боюнча, көргөзмө катары кирген спорттун түрү кийинки жылы программага сөзсүз кириши керек. Бирок кайсы мамлекет өткөрсө өз жобосу менен иш алып барат. Азыр казак тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, убакыт бар. Жобонун долбоорунда кыргыз күрөшү жок экен. Бирок биз муну менен токтоп калбайбыз.
Каба уулу Кожомкул балбандын чөбөрөсү Орозалы Кожомкулов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2023
Кожомкул атамдын кийимдерин миллиондорго да бербейт элем. Чөбөрөсүнүн маеги
— Кыргыз күрөшүндө жеңүүчүлөргө эмне берилет?
— Ар бир спорттун өзүнүн бренди болот. Мисалы, каратэден уткандарга кур берилет. Ошол себептен кыргыз күрөшүнүн философиясы катары калканды киргизгенбиз. Жеңишке жеткен спортчуга кооздолуп жасалган кыргыз калканы берилет. Ата-бабаларыбыз төргө калканды, ууктарга найза-кылычтарды илип койчу экен. Азия биринчилигинде моңгол балбаны утуп, калканга ээ болду. Учурда кыргыз күрөшүн катуу өздөштүргөн 7-8 мамлекеттин балбандары дүйнө биринчилигинде алдына киши чыгарбай келет. Кыргыз күрөшүн дүйнөгө жайылтуу үчүн биз эле эмес, башкалардын да өсүп-өнүгүшү жакшы көрүнүш. Эки жылдын ичинде чоң талкуулар болуп, күрөштүн формасы өзгөрүп, кыздар күрөшү да кирди. Дүйнөлүк аренада "улуттук спорт" деген түшүнүк жок. Ошол себептен эзелтен кыргыз кыздары бул күрөштүн түрү менен машыкпаса да, эл аралык эрежеге ылайыкташтырылды.
Өзбектер, казактар деле улуттук күрөшүн өнүктүрүп жатат. Ар бир спорт олимпиада оюндарына кирүүнү максат кылат. Ага чейин Азия оюндарында ордубуз болушу керек. Көп мамлекеттерде федерацияларыбыз ачылышы зарыл. Бул жагынан алганда коңшулардан артта калган жокпуз. Жакында Америкада ачылган Кыргыз күрөшү федерациясында семинар өткөрдүк. Африка, Евроапа, Азия континенттеринде федерация ачтык.
© Sputnik / Асель СыдыковаРыскелди Шамиев: Ар бир спорттун өзүнүн бренди болот. Мисалы, каратэден уткандарга кур берилет. Ошол себептен кыргыз күрөшүнүн философиясы катары калканды киргизгенбиз. Жеңишке жеткен спортчуга кооздолуп жасалган кыргыз калканы берилет.
Президент Международной федерации кыргызской борьбы Рыскелди Шамиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2024
Рыскелди Шамиев: Ар бир спорттун өзүнүн бренди болот. Мисалы, каратэден уткандарга кур берилет. Ошол себептен кыргыз күрөшүнүн философиясы катары калканды киргизгенбиз. Жеңишке жеткен спортчуга кооздолуп жасалган кыргыз калканы берилет.
— Учурда бул спорттун түрү боюнча ич ара балбандар арасында атаандаштык кандай?
— Ар бир облуста кыргыз күрөш федерациясы бар. Алар республикалык эреженин негизинде өз уставы менен иш алып барат. Кыргыз күрөшү Таласта абдан күчтүү өнүккөн. Ошондой эле жаңыдан гана ушул спорттун түрүн колго алып жаткан аймактар да бар. Азыр деңгээл өстү, алгач чемпионаттын санын угуп таң калгам. Чувашияда өткөн кыргыз күрөшүнүн дүйнөлүк чемпионатында жети балбан биринчиликти алып келишти. Ал эми тарыхта биринчи ирет кыз-келиндер катышкандыктан бул саам кыргыз кыздары ийгиликке жете алган жок. Ирандын, Өзбекстандын, Россиянын балбандары утуп кетти.
— Дүйнө чемпионаты канча жылда бир болот?
— Азия чемпионатынын эстафетасы Монголияга берилген. Пандемиядан улам эки жыл катары менен өтпөй калды. Былтыр сүйлөшүп жатып, алгач дүйнө биринчилигин, анан Азия биринчилигин өткөрүү тууралуу сөз болгон. Эл аралык федерациянын чечими менен жылына өтүшү керек эле. Мамлекеттин спортко болгон мамилеси акыркы кезде абдан өзгөрдү. Бир спортчуну дүйнөлүк деңгээлде даярдап чыгуу үчүн эле канча акча керек. Улуттук оюндар дирекциясында каражат аз. Экономикалык акыбалга да жараша окшойт. Бирок ошого карабай аракет кыла беребиз. Кыргыз күрөшүнүн тарыхы алыска барат. Алгач Азия биринчилигин өткөрүп жатканда "кимдер келип күрөшөт экен" деп таң калгандар болгон. Күрөштү көрүп, Кыргызстанды таанып кызыккандардын ар бири менен иштештик.
Дүйнө биринчилигин алуу оңой эмес. Кубанычы терисине сыйбай келе жаткан балбандын демине дем берип, жогорку деңгээлде тосуп алышса дейбиз. Кыргыз болгондон кийин кыргыз күрөшүн даңазаласак. Акыркы кезде биздин балдарга да сыйлыктар берилип, эл аралык деңгээлдеги спорт чебери болушууда.
Спортчу Нурзат Нуртаева. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2023
II КМШ оюндарынын чемпиону Нурзат: спортко жеңишке жетүү максаты менен келдим
Жаңылыктар түрмөгү
0