Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан

Көлдө өлтүрүлгөн эки киши, барымтага алынган аял. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Ысык-Көлдөгү "Хан-Теңири" лагеринде эки киши өлтүрүлдү. Алардын бирөө лагердин жетекчисинин орун басары болсо, экинчиси кызматкери болгон. Шектүү киши бир аялды барымтага алып из жашырып кеткен.

ИИМдин маалыматы боюнча, лагердеги окуя боюнча билдирүү жергиликтүү милицияга 4-июлда келип түшкөн. Бүгүн барымтадагы аялды бошотуу жана шектүүнү кармоо боюнча атайын операция башталды.

Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
15:05 05.07.2019

ИИМдин маалымат кызматы шектүү киши аялды коё бергенден кийин ат менен андан ары кеткен. Аял түнү бою жөө басып лагерге келген.

13:20 05.07.2019

Эки адам өлтүрүлүп, бир аял барымтага алынган лагердин жайгашкан жери.

12:59 05.07.2019

Ысык-Көлдө аңчылардын "Хан-Теңири" лагеринде барымтага алынган 48 жаштагы аял бошотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

12:08 05.07.2019

Ишенимдүү булактын билдиришинче, барымтага алынган 48 жаштагы аял бүгүн таңкы саат 4:00дөр чамасында бошотулган.

12:04 05.07.2019

Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, "Тур Хан-Теңири" фирмасы чет элдиктердин ууга чыгуусуна шарт түзүү боюнча иш алып барат. Лагерь Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун сырт аймагында жайгашкан.

12:01 05.07.2019

Хан-Теңири лагери Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн алдындагы бийиктиги 4 000 метр тоонун этегиндеги жайгашкан.
Базадан Хан-Теңири чокусу (7 010 м), Жеңиш (7 349 м), Чапаев (6 971 м), Горький (6 050 м) чокулары даана көрүнүп турат.
Хан-Теңири Теңир-Тоо системасындагы эң бийик чокулардын бири. Мамлекеттик чек арадан 12 чакырым аралыкта, Жеңиш чокусунан 18 чакырым түндүк тарапта. Бийиктиги 6995 м.

11:58 05.07.2019

Кырсык боюнча бул жерден толук маалымат алсаңыз болот.

Часть жилмассива Энесай заблокирована милицией, идет проверка домов - Sputnik Кыргызстан
Көлдөгү лагерде эки киши өлтүрүлүп, бир аял барымтага алынды
11:56 05.07.2019

Издөө иштерине Ак-Суу РИИБ менен Ысык-Көл ОИИБдин жеке курамы толугу менен тартылды. Окуя болгон жерге атайын даярдыктагы аскерлер жөнөтүлдү.

11:56 05.07.2019
11:55 05.07.2019

"Тур Хан Теңири" лагери Каракол шаарынан чыгышты карай 170-180 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кытайдын чек арасына жакын.

11:52 05.07.2019

Учурда барымтадагы аялды бошотуу жана шектүүнү кармоо боюнча атайын операция жүрүүдө. Алдын ала маалымат боюнча чыр жөнөкөй кер-мур айтышуудан чыккан. Кырсык болгон жерге ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов келип, атайын операцияга баш-көз болууда.

11:50 05.07.2019

Ак-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 4-июлда болжол менен саат 12:20лар чамасында билдирүү түшкөн. Анда Каракол шаарындагы чек ара кызматынын аскер бѳлүгүнөн белгисиз адам сырт өрөөнүндөгү Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" альпинисттик лагердин башчысынын орун басары 1970-жылы туулган А. Д. аттуу кишини атып кеткени маалымдалган.

Аталган билдирүү боюнча Ысык-Көл ОИИБдин жана Ак-Суу РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган. Териштирүү учурунда "Хан-Теӊири" лагеринде кароолчу болуп иштеген, Түп айылынын 29 жаштагы тургуну С.С. аттуу жаран "Вепрь" үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ашканага кирип, лагердин башчысынын орун басары 48 жаштагы А.Д. аттуу жаранды төшкө жана 31 жаштагы М.К. аттуу кишини ичке аткандыгы аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0