КСДП партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязовдун архивдик сүрөтү

Ниязов: КСДПнын чечимин аткарбагандарга партияда орун жок

202
(жаңыланган 17:00 15.07.2017)
КСДП партиясынын съездинде президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбековду көрсөтүү сунушу бир добуштан колдоого алынды

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. КСДП партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов партиянын чечимин аткарбагандарга партияда орун жок орун жок экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, 15-июлда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын XVI съезди болуп, анда партиянын атынан президенттикке талапкер катары азыркы премьер Сооронбай Жээнбеков көрсөтүлүп, аны аймактардан келген делегаттар бир добуштан колдогон. Ошондой эле жыйында сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттикке баруу ниети бар экенин айткан.

"Партиянын мүчөлөрү бир талапкерди колдоду. Бул партиянын чечими. Эгер аны аткарбай тургандар болсо, алар үчүн партияда орун жок", — деди ал.

Ниязов өз сөзүндө Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттикке барам деп ачык сөз айтпаганын белгиледи.

202
Белгилер:
шайлоо, КСДП фракциясы, Сооронбай Жээнбеков, Фарид Ниязов, Чыныбай Турсунбеков
Тема боюнча
КСДПнын съездинде Чыныбай Турсунбеков президенттикке эмне үчүн барарын айтты
КСДП партиясы президенттикке талапкер катары Жээнбековду көрсөттү