Бишкектеги президент Сооронбай Жээнбековке каршы митинг - Sputnik Кыргызстан

Токтобогон митингдер. Бишкектеги абал боюнча онлайн-репортаж

Жазылуу
Бүгүн, 15-октябрда, митингчилер мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан, Бишкектин түштүк жагындагы "Ысык-Көл" мейманканасынын жанына чогула баштады.

Акцияга чыккандар президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылып, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына барууну пландап жатат.

Кечээ, 14-октябрда, Жогорку Кеңеш премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоп, аны президент Сооронбай Жээнбеков бекиткен. Андан соң Жапаров анын президенттиктен кетиши боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаган. Кечээ Жапаров тарапташтарынын алдына чыгып, Жээнбековго кызматтан кетүүнү сунуштай тургандыгын айтып, элдин тынчтыкты сактап турушун суранган.

Ал эми мамлекет башчынын маалымат кызматы Жээнбеков парламенттик шайлоону өткөргөн соң кызматын тапшыра тургандыгын билдирди.

Бишкекте болуп жаткан окуялар, митингдерден алынган маалыматтар тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан окуп туруңуздар.

Мазмуну
12:07 15.10.2020
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
21:48 15.10.2020
21:44 15.10.2020
21:41 15.10.2020

Эски аянтта жайгашкан Өкмөт үйүнүн алдында парламенттин таркатылышын талап кылган элдин акырындап тарай баштады.

Бирок митингдин уюштуруучулары элди эртең, 16-октябрда, саат 10:00дө эски аянтта кайра чогулууга чакырышты.

 

 

Митинг у Дома правительства на Старой площади в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
21:25 15.10.2020

2020-жылдын 15-октябры Кыргызстандын саясий турмушундагы тарыхый даталардын бири болуп калды. Элдин талабынан улам президент Сооронбай Жээнбеков кызматынан кетти. Ал арада мандатка кайра ээ болуп, мурда абакта отурган Өмүрбек Текебаев парламентке келди. Эми ал ЖКнын VI чакырылышын жыйынтыктамай болуп турат. Жээнбеков кызматтан кеткенин айткандан кийин Садыр Жапаровдун тарапташтары Жогорку Кеңештин тарап кетишин, анын спикери Канат Исаевдин кызматын тапшырып берүү талабын коюшту. ЖК төрагасы президенттик милдетти аткаруудан баш тартып, Кыргызстандагы эки чылбыр, бир тизгин Садыр Жапаровдун колуна тийди.  

Внеочередное заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции - Sputnik Кыргызстан
Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартты
17:34 15.10.2020

Видеону ЖКнын маалымат кызматынан мурдагы жетекчиси Ибраим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.

17:07 15.10.2020
17:03 15.10.2020

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов үй камагына чыкты. Бул туурасында Ош облустук сотунун маалымат кызматы тастыктады.

Ага ылайык, Матраимов облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Натыйжада 13-октябрь күнү Матраимовдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгаруу чечими кабыл алынган.

 

 

15:52 15.10.2020

16-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Сооронбай Жээнбековдун отставкасы боюнча маселени карай турганы маалым болду. Ал саат 10:00дө "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтмөкчү.

15:29 15.10.2020
14:54 15.10.2020
14:51 15.10.2020
14:49 15.10.2020
14:42 15.10.2020
Митинг за отставку президента Сооронбая Жээнбекова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
14:28 15.10.2020
14:20 15.10.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков: Мен үчүн өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин бүтүндүгү, коомубуздун ынтымагы кызмат ордунан бийик. Ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-октябрда, өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештерим!

Борборубуз Бишкектеги коомдук-саясий абал курч бойдон турганын көрүп турасыздар.

Аны басаңдатуу максаты менен кечээ Жогорку Кеңеш Өкмөттүн курамын бекитип, тиешелүү дайындоолор боюнча мен Жарлык чыгарып, кол коюп бердим.

Тилекке каршы, агрессия дагы эле токтобой,  менин токтоосуз отставкамды талап кылышууда.

Азыркы кырдаал эки тараптуу кагылышуунун   болуусуна жакындап калды. 

Бир жагында митингге чыккандар, бир жагында күч органдары турат.

Эки тарап кагылышса, кан төгүлүп кетет. 

Мамлекеттик резиденцияны коргоо үчүн аскер кызматкерлери, күч органдары курал колдонууга милдеттүү.

Эки тарапты тең провокацияга барбоого чакырам.

Урматтуу мекендештерим!

Мен бийликке тырмышып калган жокмун.

Мен үчүн, өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин бүтүндүгү, коомубуздун ынтымагы баардык кызмат ордунан бийик.

Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат.

Мен Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан Президент катары калгым келбейт.

Ошондуктан мен отставкага кетүү чечимин кабыл алдым.

Эми Жапаровду жана башка саясатчыларды өз тарапкерлерин тынч жол менен таратууга чакырам.

Элдин тынчтыгыгына, өлкөбүздүн бүтүндүгүнө доо кетирбегиле.

Жараткан Кудайым Өзү колдоп, элибизде  аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!»

 

 

14:16 15.10.2020

Эл "Садыр" деп кыйкырууда. 

14:12 15.10.2020

Элдин азыр эмнени сүйлөп жатканы так угулбай, микрофон талашкандар көп болууда. 

14:09 15.10.2020
14:07 15.10.2020

Сыймык Жапыкеев чыркап келип элге жарыялады, ала арада ага чейин уккандар кыйкырып жатышты. 

Кимдир бирөөлөр "Ысык-Көл" мейманканасынын үстүнкү кабатынан Крыгызстандын туусун булгалап жатты. 

 

14:03 15.10.2020
13:57 15.10.2020

Урматтуу эл журт! Митингге катышууга келген жарандарга кайрылуу! Мамлекетибиздин биримдиги жана тынчтыгы учун...

Опубликовано Камчыбеком Ташиевым Четверг, 15 октября 2020 г.

Буга чейин Садыр Жапаровдун маалымат катчысы премьер-министрдин Жээнбеков менен жолукпай калгандыгын билдирген эле. 

13:48 15.10.2020

"Чоң казат" партиясынын өкүлү Сыймык Жапыкеев элди саат 15:00гө чейин күтүп туруу зарылдыгын айтты.

"Бир аз чыдап, көлөкөлөп отуруп туруңуздар", - деп суранды. 

 

13:47 15.10.2020

"Ысык-Көл" мейманканасына дагы үч автобус келди. Ошондо, эртең мененкилерин кошкондо баш-аягы сегиз автобус келгендигин анык болду.

13:33 15.10.2020
13:31 15.10.2020

 "Чоң казат" партиясынын өкүлү Сыймык Жапыкеев "Ысык-Көл" мейманканасынан алдына чогулган элди тынчтанууга, резиденцияны көздөй барбай турууга чакырууда. Ал тургандарга "алтындарым" деп кайрылып, сабыр кылып турууну суранды. 

13:07 15.10.2020

"Ал ооруп калыптыр. Учурда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Эртең менен өкмөт үйүнө барып ал жерден тапкан жокмун. Туугандарынын үйүндө экен. Ага бийлик тараптан сүйлөшүү процесстерине даяр экендиктерин айтып, чакырышты. Садыр жапаров мага элге барып, абалды түшүндүрүп, элди токтотуп турууну суранды", - деди Мамытов. 

13:05 15.10.2020
Митинг за отставку президента Сооронбая Жээнбекова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
13:04 15.10.2020
13:01 15.10.2020
12:57 15.10.2020
12:55 15.10.2020

Мамытов учурда резиденцияда президент менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын жана элдин резиденцияга барбай, тынчтыкты сактап туруусун суранды.  

12:40 15.10.2020

Президент Сооронбай Жээнбековдун белгисиз бир адам менен сүйлөшкөнү тууралуу социалдык тармакта тараган аудиожазуу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирүү таратты.

УКМК аталган аудиожазмага жана анын тарашына эч кандай тиешеси жок экенин айтууда.

"Учурда УКМК аталган материалды жасоого жана аны жайылтууга тиешеси бар адамдарды аныктап тактоо боюнча иш жүргүзүүдө", — деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, кечээ социалдык тармакта Сооронбай Жээнбековго үнү окшош адам менен белгисиз жарандын телефондон сүйлөшкөнү делген аудио тараган.

 

12:38 15.10.2020
12:32 15.10.2020

Чогулгандар президент Жээнбековдун кызматтан кетишип талап кылышууда. Алардын арасындагылар депутаттардын мандатын таштап кетиши керек деген сөздөрдү айтышты. Парламенттик шайлоонун мыйзамсыз өткөндүгүн белгилеп жатышат. 

12:29 15.10.2020
Митинг за отставку президента Сооронбая Жээнбекова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
12:19 15.10.2020
12:17 15.10.2020
12:13 15.10.2020

Чогулган элге медициналык бет каптар таратылууда. Алардын арасынан эски бет каптарды туш келди ыргытпай, таштанды салчу баштыкка таштоону эскертишти. 

12:11 15.10.2020

Бишкекте учурда күн ачык, абанын температурасы +16 градустун тегерегинде. 

12:09 15.10.2020

"Ысык-Көл" мейманканасынын жанына чогулгандар азыр жайбаракат басып жүрүшөт, бир катарлары тамактанып жатса, бир катарлары жөн гана отурушат. 

12:05 15.10.2020

Эл чогулган жерге жеңил автоунаа менен азык-түлк алып келип, тургандар тамактанып жатышат. Ал арада трасса жакта турган бөлүгү "Садыр" деп бир нече ирет кыйкырышты. 

12:04 15.10.2020

Чогулгандардын арасынан отурган жерлерге таштанды калтырып кетпегиле деген эскертүү жасалды. Бир катарлары шам-шум эткенге азык алып келип жатышат. 

12:02 15.10.2020

Мейманканын алдында трассаны бойлой автоунаалар токтоп турат. 

11:56 15.10.2020

"Ысык-Көл" мейманканасы "Ала-Арча" мамлекеттик резинденциясынан кеткен өкмөттүк трассанын боюнча жайгашкан. Элдин бир бөлүгү акырындап жолду көздөй жылган. Учурда мейманкадан трассага чыга турган жерди Элдик кошуунчулардын формасын кийген жарандар бири-бирин каруудан кармап, тосуп, көзөмөлдөп турат. Себеби, жолдон автоунаалар тынымсыз өтөт. 

11:55 15.10.2020
11:45 15.10.2020

Учурда Кечээ кечинде Жапаров өкмөт үйүнүн алдындагы тарапташтарына чыгып, Жээнбеков менен кызматтан кетүүсү боюнча сүйлөшөрүн айткан.

11:39 15.10.2020
11:37 15.10.2020
11:35 15.10.2020
Митинг за отставку президента Сооронбая Жээнбекова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11:29 15.10.2020
11:23 15.10.2020

Эл автобус менен келип, мейманкананын алдына чогулууда. Аларын арасында калпакчан, курагы өтө жаш эмес адамдар да бар. Үч автобус менен болжол менен 150дөй киши келди. Бул жер "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан бир нече гана чакырым аралыкта жайгашкан. 

11:20 15.10.2020
Митинг за отставку президента Сооронбая Жээнбекова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11:19 15.10.2020
Митинг за отставку президента Сооронбая Жээнбекова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11:18 15.10.2020

Президент Сооронбай Жээнбековдун оставкасын талап кылгандар "президент кетмейин, акырына чейин турушарын" айтышууда.

11:14 15.10.2020
11:12 15.10.2020
Жаңылыктар түрмөгү
0