Аялдаманы дезинфекциялап жаткан Тазалык кызматкерлери. Архив

Кыргызстанды коронавирус каптаган 14-күн: тексттик баяндама, сүрөт, видео

2413
(жаңыланган 19:32 31.03.2020)
Кыргызстандыктар жаздын биринчи айын COVID-19 кооптуулугу менен узатып жаткан кез. Соңку маалыматтарга таянсак, өлкөдө вирусту жуктургандардын саны 94кө жетти.

Кооптуулук Кыргызстандын арбыныраак аймагында – беш облусунда жаралды. Бир катар облустарда элдин кирип-чыгышына тыюу салынды. Борбор калаа баштаган үч шаар, үч район, эки облуста өзгөчө абал киргизилди.

Тилекке каршы, Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын саны улам көбөйүп бара жатат.

Sputnik Кыргызстан бүгүн да абал боюнча окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берип турмакчы.

Жаңы билдирүү
  • 19:32

    Sputnik Кыргызстан өзгөчө абал режими учурунда эреже бузган кыргызстандыктарга кандай айып салынарын билип көрдү.

    Ири суммада айып салынат! Бишкекте ӨА учурунда эмнелерди кылбаш керек

    Sputnik Кыргызстан өзгөчө абал режими учурунда эреже бузган кыргызстандыктарга кандай айып салынарын билип көрдү.
    Дагы
  • 19:15

    Атайын эсепке түшкөн каражаттын 38,8 млн. сому дарыгерлерге берилет

  • 19:09

    Март айынын жылуулук үчүн төлөнүүчү наркы төмөн болот. Элге 25 сутканын акчасы эсептелет

  • 18:26

    Дарыгерлер кыргызстандыктарга кайрылды

  • 18:12

    Даяр эмес экенсиңер! Жээнбеков саламаттык сактоо министрине каарын төктү

    Президент КР Сооронбай Жээнбеков на заседании Совета безопасности в узком составе с участием руководителей государственных органов страны

    Даяр эмес экенсиңер! Жээнбеков саламаттык сактоо министрине каарын төктү

    Мамлекет башчы өлкөдө коронавирус жуктургандардын санынын өсүшү алдын алуу иштеринин чабал жүрүп жатканын айгинелеп койгонун баса белгилеген.
    Дагы
  • 17:25

    АКШда жашаган кыргызстандыктар учурда коронавирус менен күрөшүп жаткан Кыргызстандагы медиктерге ыраазылыгын билдирди

  • 16:51

    Коронавирус чыккан Хубэй провинциясы учактарды кабыл ала баштады

    Коронавирус чыккан Хубэй провинциясы учактарды кабыл ала баштады

    2019-жылдын декабрь айында Хубэй провинциясынын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу чыгып, дүйнөгө жайылган.
    Дагы
  • 16:38

    Кыргызстанда элден чогулган акчаны кимдер бөлүштүрө турганы белгилүү болду

  • 16:33

    НАРЫН: Медиктерге коргонуучу каражаттар тапшырылды

  • 16:29

    Элдик демилге: Ноокатта эл дарыгерлерге керектүү медициналык буюмдарды сатып берип жатат

  • 16:23

    Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн видеоконференция өткөрдү.

    Мектептерде IV чейрек сабактарын дистанттык түрдө өткөрүү боюнча билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жоопкерчиликтүү жана ыкчам иштөөгө чакырды.

     

  • 14:57

    Оштун коменданты: үйдө отурбай, тартип бузгандар обсервацияга жаткырылат

    ИИМ кызматкери катары айтып коеюн, эми мыйзам чегинде чара көрөбүз. Медицина кызматкерлери менен сүйлөшүп, оперативдүү топ түздүк. Кармалгандарды обсервацияга жаткырабыз.

    Сотрудник патрульной службы в городе Ош во время комендантского часа введенного в режиме ЧС в связи с коронавирусом

    Оштун коменданты: үйдө отурбай, тартип бузгандар обсервацияга жаткырылат

    Комендант үйдө отурбагандар коомдук жайларда жүрүп, вирусту таратуу кооптуулугун жаратып жатканын эскертип, ал эми обсервациянын акысын өз чөнтөктөрүнөн төлөй турганын кошумчалады.
    Дагы
  • 14:34

    Жалпы республикалык тестирлөөнүн боло турган күнү өзгөрдү

    ЖРТ быйыл өтөт, бирок кайсы убакытка чейин жылганын айта албайбыз. Өлкөдөгү кырдаалга жараша чечилет.

     

    Досрочная сдача ЕГЭ по русскому языку в государственной казенной общеобразовательной школе-интернате во Владикавказе.

    Жалпы республикалык тестирлөөнүн мөөнөтү жылдырылды

    Адис ЖРТны онлайн өткөрүүгө мүмкүн эмес экенин, биринчиден буга шарт жок болсо, экинчиден окуучунун ордуна тестти ата-энеси же башка адам тапшырып башаламандык болуп кетерин айтты.
    Дагы
  • 14:30

    «Биздин мугалимдер 16-марттан тарта окуучулар менен Zoom, Whatsapp интернет программалары аркылуу байланыш түзүүдө, мессенджерлерден алар видео сабактардын чыгуу убактыларын жана жүгүртмөлөрүн билдирип турушат», - деп кошумчалады Жусупбекова.

  • 14:26

    Дистанттык окутууда ата-энелерден акча талап кылынбайт

    “Окутуунун дистанттык формасы республикалык бюджеттен каржылангандыктан, ата-энелерден акча талап кылынбайт. Мугалимдерге кадимкидей эле айлыгы төлөнөт”, - деди Жусупбекова.

  • 14:18

    8-апрелден тарта IV чейректин сабактары төмөнкү каналда өтүлөрү айтылган: 

    КТРдин "Баластан" (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн),

    5-11-класстын окуучулары үчүн ЭлТРдин "Илим Билим"  каналы жана "Санат", "Пирамида", "5-канал" берет .  

  • 14:15

    Окуучуларга окуу материалдарын үч булак аркылуу жеткирүүнү пландалган:

    ЭлТР, "Баластан" (1-4-класстар үчүн) каналдары;

    Министрликтин жаңы түзүлүп жаткан порталы;

    "Мега 24" тиркемеси.

    Бул үчөөнө тең программалар жүктөлүп, окуучулар кайсынысы жеткиликтүү болсо ошону колдонуп билим алса болору айтылган. Мисалы, интернетти кенен-кесири колдонууга мүмкүнчүлүк болбогон алыскы аймактардагы окуучулар теле аркылуу сабак аларын кабарлашкан. 

     

     

  • 14:14

    Буга чейин министрликтен дистанттык түрдө билим берүү үчүн окуу программасы электрондоштурулуп жаткандыгын айтышкан. 

    "Учурда төртүнчү чейректин программасы толугу менен электрондук форматка өткөрүлүүдө. Тагыраагы, телепрограммалар тартылып жана интернет порталга көчүрүлүп жатат", — деп айтышткан. 

     

  • 14:11

    "4-чейректин ийгиликтүү болушу сиздердин аракетиңиздерге да байланыштуу. Сабактан сырткары спорттук көнүгүүлөрдү, көркөм окуу сыяктуу кошумча жактарын кошууну караштыруу керек", - деди Жусупбекова. 

  • 14:03

    Кырдаалга байланыштуу 8-апрелден тарта IV чейректи дистанттык окуу боюнча министрдин орун басары Надира Сынташова ата-энелерге кайрылды.

    "Ата-энелер чоң жоопкерчилик силерде. Министрлик кайрылуу даярдадык. Балдар менен үйдө жагымдуу психологиялык кырдаал жаратып, иш күнүнүн пландашыңыздар керек. Телеканалардан берилүүчү сабактардын жүгүртмөсүн алып, алардын окуй турганына шарт түзүп берсеңиздер", - деди ал.

     

  • 14:01

    Билим берүү жана илим министрлигинин брифинги башталды

    Окуучулардын каникул шарты, окутуу шарттары, бала бакчалардын иштөөсү  боюнча сөз болот.

  • 13:56

    Пакистанга барган кыргызстандык үч дааватчыдан коронавирус чыкты

    Люди сидят на земле в кругах, нарисованных мелом, чтобы поддерживать безопасную дистанцию, ожидая получения мешков с с продуктами в распределительном пункте благотворительной организации. Карачи, Пакистан, 29 марта 2020 год

    Пакистанга барган кыргызстандык үч дааватчыдан коронавирус чыкты

    Буга чейин Республикалык штабдан Пакистанда Кыргызстандын коронавирус жуктуруп алган үч жараны бар экенин айтышкан.
    Дагы
  • 13:18

    Сокулук акимчилиги толук карантинге алынып, ичиндеги кызматкерлер чыга албай калды

    Объявление о карантине на двери. Архивное фото

    Сокулук акимиаты толук карантинге алынып, ичиндеги кызматкерлер чыга албай калды

    Акимчиликте иштеген бир кызматкердин жубайынын эжесинен коронавирус табылган. Эже-сиңди Дубайга барып келишкен.
    Дагы
  • 13:15

    Кыргызстандагы COVID-19 боюнча өкмөттүн 31-мартка карата расмий маалыматы

  • 13:04

    Нарын облусуна автоунаалардын кирип-чыгышы убактылуу токтоду

    Учурда башкармалыктын кызматкерлери облустун аймагындагы 13 санитардык-карантиндик постто күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

     

    Сотрудники милиции во время проверки на въезде в Нарынскую область
    © Фото / пресс-служба УВД Нарынской области
  • 12:59

    Казакстанда коронавирустан 50 жаштагы экинчи жаран каза тапты

    Бир айга чукул ооруп жүргөн. Командировкага көп чыккандыктан, дарыгерлерге кайрылууга шарты болгон эмес.

     

    Мужчина проходит через старую тюрьму, где молодая женщина говорит, что ее изнасиловали во время незаконного задержания в Пекине, Китай. 11 ноября 2009 года

    Казакстанда коронавирустан 50 жаштагы экинчи жаран каза тапты

    50 жаштагы киши ооруканага Тез жардам менен 21-мартта түшкөн. Ал бир айга чукул ооруп жүрө берген деген маалыматты айтышты.
    Дагы
  • 12:54

    Коронавирус балдарга да көп жугууда

  • 12:49

    Эки күндө коронавирус аныкталган 23 кишинин кайдан жуктуруп алганы маалым болду

    Медсотрудник проверяет температуру водителя на санитарно-карантинном блокпосту на въезде в город Бишкек

    Эки күндө COVID-19 аныкталган 23 киши вирусту кайдан жуктурганы айтылды

    Саламаттык сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары өлкө ичинде бири-бирине жуктургандар көп каттала баштаганын эскертти.
    Дагы
  • 12:45

    Министрлик: оорулуулардын саны кескин өсүп кетишине Кыргызстан даяр

    Вакцинация от гриппа в Краснодаре

    Министрлик: оорулуулардын саны кескин өсүп кетишине Кыргызстан даяр

    Республикалык штабдан билдиришкендей, учурда Бишкекте 180 медик өз эрки менен даярдыкта турат. Алар кайсы аймакка жардам керек болсо бара калышат.
    Дагы
  • 12:32
  • 12:25

    Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетовдун брифинги аяктады

  • 12:24

    Мамбетов: Ош облустук ооруканадагы адамдын абалы өтө оор, ал жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулду.

  • 12:20

    Касымов: Учурда 257 мобилдик бригада иштеп жатат. Бизге берген жардамыңар болсун, үйдө отургула!

  • 12:20

    Касымов: Өлкө ичинде 19 кишин акыркы күндөрү байланыш тартиби сакталбагандыктан коронавирусту жуктуруп алган.

  • 12:19

    Касымов: Оору чыккан 5 үй-бүлөдө 15 адам коронавирус менен пайда болду. Бул карантинди сактабай жаткандыктын кесепети.  

  • 12:17

    Мамбетов: 5638 киши сырттан келген. Үйүнө жиберилип отуруп, азыр 1592 киши обсервацияда жатат.

  • 12:14

    Үч бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат

    Үч бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Эки жарандын абалы орточо оор, бир жаран жасалма дем алдырууга кошулду.

  • 12:13

    Мамбетов: Коронавирус жуктурган милиция кызматкерлери жок

  • 12:12

    Вирус аныкталгандар кимдер?

    Коронавирус аныкталган бейтаптар: 

    58 аял,

    49 эркек,

    15 бала, 

    1 жашка чейин эки наристе

     31 улгайган адам бар. 

  • 12:11

    Мамбетов: COVID-19 жуккандардын арасында балдар көбүрөөк катталууда

  • 12:10

    Жаңы вирус кайсы аймактарда катталды?

    Бишкек ш. – 1

    Нарын облусу – 3

    Ысык-Көл облусу – 2

    Чүй облусу – 1

    Ош облусу – 5

    Жалал-Абад облусу – 1

  • 12:07

    Кыргызстанда COVID-19 жуктурган адамдардын саны 107 деп катталды. Бирок, үчөө айыкканы кечээ айтылган.

  • 12:06

    Коронавирус Ысык-Көл облусунан да чыкты.

  • 12:05

    Кыргызстанда коронавирус менен дагы 13 киши катталды.

  • 12:04

    Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымат берет.

  • 11:27

    Казакстанда эки медайым коронавирус жуктуруп алды

    Пробирки с тестами, взятыми у жительницы Ростова-на-Дону на наличие коронавирусной инфекции.

    Казакстанда эки медайым коронавирус жуктуруп алды

    Коңшу өлкөдө жалпысынан 325 адам COVID-19 жуктурганы аныкталды. Алардын көбү Нур-Султан менен Алматы шаарларында.
    Дагы
  • 11:00

    COVID-19 аба аркылуу жукпайт! Вирустун кантип тарарын дарыгерлер түшүндүрдү

    Коронавирустун жаңы түрү абада өзү жашай албайт. Ооруган адам жөтөлүп, чүчкүрүп же сүйлөгөндө тамчы пайда болуп, ал аркылуу вирус башка адамга жугат.

     

    Человек в маске проходит мимо Регионального научного центра в Олдеме, Ланкашир, 26 марта 2020 года
    © AFP 2020 / OLI SCARFF
  • 10:58

    71 жаштагы ханзаада Чарльз коронавирустан айыкты

    Британиялык тактынын мураскери ханзаада Чарльздан бир апта мурда коронавирус табылган. Анын жубайы да текшерилип, бирок андан COVID-19 чыккан эмес.

    Бир жумадан кийин Чарльздын илдеттен айыкканын падышалык үй-бүлөнүн өкүлү айтып берген. 

     

    Сын королевы Великобритании принц Чарльз во время посещения завода поездов CAF в Ньюпорте, Уэльс, 21 февраля 2020 год
    © AFP 2020 / BEN BIRCHALL
  • 10:57

    Өкмөт калкка жардам берүү планын бекитти. Кандай жеңилдиктер берилет?

    Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев провел совещание, по итогам которого утвержден План по снижению негативного влияния на экономическую и социальную стабильность в связи с распространением коронавирусной инфекции

    Өкмөт калкка жардам берүү планын бекитти. Кандай жеңилдиктер берилет?

    Премьер-министр тигил же бул азыктын жана дары-дармектин тартыштыгы боюнча тынчсызданууга негиз жок экенин эскертти.
    Дагы
  • 10:11

    Үч адамдан ашык чогулбасын! Бишкек коменданты катуу талап койду

    Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев кошумча чектөөлөрдү киргизүү боюнча буйрукка кол койду. 

    Төмөнкү иш-аракеттерге тыюу салынат:

    Жеке автоунаасы менен жүйөлүү себепсиз жүрүүгө;
    Жумушуна барып-келүүдөн сырткары жайбаракат шаар аралап басууга;
    Туугандарынын, досторунун, кесиптештеринин жана башка жакын адамдарынын үйүнө барууга;
    Эгер үй-бүлө мүчөсү болбосо, бир жерде үч адамдан ашык чогулуусуна;
    18 жашка чыга элек балдардын улуу адамдардын коштоосу жок көчөгө чыгуусуна БОЛБОЙТ! 


     

  • 09:57

    Сактануу жолдору: бет кап кийип, кол менен бети-башты кармалаба!

  • 09:43

    Көчөдө эл жок, ээн калган Нур-Султан менен Алматы шаарлары

  • 09:30

    "Карантинди бузгандар түрмөгө түшөт" – чынбы же жалган маалыматпы?

     

    Люди в медицинских масках на одной из улиц Бишкеке, Кыргызстан. 26 марта 2020 года

    "Карантинди бузгандар түрмөгө түшөт" – чынбы же жалган маалыматпы?

    Штабдан Жазык кодексине шилтеме кылып жатышат. Ал жерде учурдагы кырдаалды алганда санитардык-эпидемиологиялык тартипти бузгандар туурасында айтылган. Буга юрист түшүндүрмө берди.
    Дагы
  • 09:25

    Бишкек коменданты шаарда жүрүүчү электрондук уруксатты https://1312.tunduk.kg/ сайтына кирип толтуруп алууну айтты

  • 09:23

    Ош мэриясы маянасы аз медайымдарга акысыз ун берет

    Буга чейин мэрия оорукананын дарыгерлерине 1700 кап жогорку сорттогу унду арзандатылган (1350 сом) баада жеткирип берген.

    "Ош шаарынын мэринин жолугушуусунда айлыгы аз медайымдар ал ундан ала албай калганын айтышкан. Мындан улам Таалайбек Сарыбашов мэриянын эсебинен аларга беш тонна ун акысыз берүүнү убадалады”, — деп айтылат мэриянын маалыматында.

     

    Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов посетил Ошскую городскую клиническую больницу в микрорайоне Ак-Тилек
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
    Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов посетил Ошскую городскую клиническую больницу в микрорайоне Ак-Тилек
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • 09:17

    Аллергиясы барларга коронавирус канчалык кооптуу?

    Продавец овощей и фруктов в защитной маске и перчатках в магазине в Бирмингеме, Великобритания. 30 марта 2020 года

    Аллергиясы барларга коронавирус канчалык кооптуу?

    Аллергия болуп турган кишиге коронавирус жукса, аны жеңүү эки эсе оор болору айтылат. Анткени COVID-19 аллергиянын өтүп кетишине тоскоол болуп, организм экөө менен тең күрөшүүгө бир топ энергия сарптайт.
    Дагы
  • 09:14

    Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин брифинги аяктады. 

  • 09:12

    Бишкек коменданты: эшикке зарыл болбосо чыкпагыла!

    Комендант бүгүнтөн тарта шаардыктардын көчөдө жүрүү тартиби татаалдана тургандыгын, андыктан эшикке бейчеки чыкпоону айтты. 

  • 09:10

    Орозалиев: Коменданттык саат киргизилген бир нече күндөн бери анын эрежесин бузган 876 адам кармалды.

  • 09:10

    Орозалиев: Бүгүнтөн тарта уруксат документтерин электрондук система менен берүү  ишке киргизилди. Бул биринчи иретте мамлекеттик кызматкерлер үчүн.

  • 09:07

    Орозалиев: Бишкекте коомдук коопсуздук боюнча абал туруктуу. Коменданттык сааттын эрежесин бузган 137 адам кармалса, 116сы эркек, 18и аял, үчөө өспүрүм болду.

  • 09:06

    Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин брифинги башталды

  • 09:02

    Окуучуларды дистанттык окутууга видеосабактар кантип даярдалып жатат?

    Министерство образования и науки КР подготовилось к организации дистанционного обучения в школах в IV четверти

    Окуучуларды дистанттык окутууга видеосабактар кантип даярдалып жатат? Сүрөт

    8-апрелден тарта IV чейректин сабактары "Баластан" КТР, "Илим Билим" ЭлТР жана "Санат", "Пирамида", "5-каналдарынан" эфирге берилет.
    Дагы
live
Кыргызстанды коронавирус каптаган 14-күн: тексттик баяндама, сүрөт, видео
+
2413
Белгилер:
өзгөчө абал, коменданттык саат, милиция, дарыгерлер, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1510)
Тема боюнча
"Карантинди бузгандар түрмөгө түшөт" – чынбы же жалган маалыматпы?
Окуучуларды дистанттык окутууга видеосабактар кантип даярдалып жатат? Сүрөт